19
Август
Премьер-министр Джоомарт Оторбаев: “Только бескомпромиссная борьба с коррупцией в энергосекторе вернет доверие населения к госорганам”
Бүгүн, 19-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев КР энергетика жана өнөр-жай министри Осмонбек Артыкбаевдин жана “Түндүкэлектр” компаниясынын башкы директору Аскар Эшимбековдун катышуусунда “Түндүкэлектр” ААК 2014-жылдын 7 айлык иш жыйынтыгы боюнча иштиктүү жыйын өткөрдү.
Жыйын башталышында Жоомарт Оторбаев Аскар Эшимбековдун жоготууларды, дебитордук карыздарды, уурдоолорду кыскартуу, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү жана компаниядагы кадрдык реформалар тууралуу жүргүзүлгөн иштер боюнча отчетун укту.
Отчетто айтылгандай, 2014-жылдын 7 айында “Түндүкэлектр” ААК электрдик тармактарына өздүк керектөөчүлөргө бөлүштүрүү үчүн 3 811, 9 млн кВт саат электр энергиясы келип түшкөн, бул 478, 9 млн кВт саатка, же өткөн жылкы көрсөткүчтөн 14 % көп кубаттуулуктагы энергия өндүрүлүп чыккандыгынан кабар берет.
Керектөөчүлөр категориясы боюнча талдоо көрсөткөндөй, өнөр-жай жана бюджеттик уюмдарынын керектөө көлөмү боюнча кескин айырмачылыктар байкалган эмес. Турак-жай чарбасы жана коммерциялык обьектилердин керектөөсү 90 млн кВт саатка, же 18% дейре өскөн. Калк тарабынан керектөө 390 млн кВт саатка, же 22% жогорулаган.
Энергетиктердин аракетине ылайык, иш жүзүндөгү жоготуулар 2,5% төмөндөп, 13,88 % түздү, бул тийиштүү чектен 0,91 % төмөн. Ошондой эле Бишкек шаары боюнча дебитордук карыз 7,4 млн сомго, анын ичинде калктын карызы 4,9 млн сомго кыскарган.
Карыздарды кыскартуу максатында жыл башынан бери 29,9 млн сом суммасындагы карызды күчтөп өндүрүү максатында 315 арыз берилген. Аталган учурда “Түндүкэлектр” пайдасына 29,9 млн сом суммасындагы 84 чечим чыгарылган. Карызга түшкөндүгү үчүн 78 миң абонент өчүрүлгөн.
Отчеттук мезгилде “Түндүкэлектр” кызматкерлери тарабынан уурдоолорду аныктоо үчүн 3 256 рейд өткөрүлүп, анын натыйжасында 2 362 эреже бузуулар аныкталып, ал боюнча 9,6 млн сомдук 2 362 акты жазылып, анын ичинде турмуш-тиричилик керектөөчүлөрү боюнча 6,7 млн сомдук 2 285 акты берилген. 7 ай ичинде 5 987 акты боюнча 12 млн сом төлөнүп, анын ичинде калк боюнча 9,1 млн сомдук 5 931 акты төлөнгөн.
Андан соң Аскар Эшимбеков Премьер-министрге компаниядагы кадрдык реформалар боюнча маалымат берди. Алсак, компания ишмердүүлүгүндө алгач ирет ишти канааттандыраарлык деңгээлде аткарбагандыгы үчүн бир эле убакта энергия сатуучу кызматтын 6 жетекчиси кызматтан алынган, 5 жетекчи катуу сөгүш жана эскертүү алган.
Отчетту уккан соң Жоомарт Оторбаев энергетикалык тармактагы коррупция менен күрөшүүдө тутумдуу ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.
«Биз энергетикалык тармактагы реформаны чечкиндүү түрдө алга жылдыруубуз, жоготууларды кыскартып, уурдоолорду жоюп, ошондой эле таза эмес кызматкерлерден арылып, ишке жаш жана чынчыл адистерди тартуубуз зарыл. Энергетикалык тармактагы коррупцияга каршы келишпес күрөш гана калктын мамлекеттик органдарга карата ишенимин кайтарып берет», — деп жыйынтыктады Премьер-министр.[gallery ids="40119,40120"]