07

Май

2014

Премьер-министр Джоомарт Оторбаев встретился с членами сборной команды страны по футболу

Бүгүн, 6-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 19-31-майда Мальдивы аралында өтүүчү “АФК чакырыгынын кубогу” оюнуна катышууга укук алган Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Футболисттер жана машыктыруучулар курамы менен болгон жолугушууда Өкмөт башчы учурда мамлекет объективдүү себептер менен футболго жетиштүү деңгээлде көңүл бура албай жатканын моюнга алды.

“Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясына аталган спорттун түрүн өлкөдө жайылтууда жана өнүктүрүүдө бар мүмкүнчүлүктү жумшап жатканына ыраазычылык билдирем. Жер жүзүндө миллиондогон күйөрмандарга бай, атактуу спорттун түрү болгон футболду өнүктүрүү зарыл. Келечекте алдыңкы чемпионаттарда өз оюндары менен бизди сүйүндүргөн жылдыздар чыгаарына ишенем”, - деди Ж.Оторбаев.

Жолугушууда Жоомарт Оторбаев жеңүү максатын алдыга койгон биздин мамлекеттин футболисттеринин курама командасы “АФК чакырыгынын кубогуна” жолдомого ээ болушту. Бул жеңиш 2015-жылы футбол боюнча Азиянын чемпионаты өтө турган Австралияга барууга мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи.

“Азыр футболисттер, машыктыруучулар курамы аталган оюнга мыкты даярдык көрүшүңөр керек. Андагы жеңиш Австралияда өтө турган XVI Азия Чемпионатына катышууга түрткү болот. Алдыда оор оюндар күтүп турат, себеби начар каршылаш жок. Ошол себептен ар бир оюнга дыкат даярданып, жеңишти катуу самасаңар алдыдагы милдеттерди да аткара аласыңар. Баарыңыздарга ийгилик жана жаркыраган жеңиш каалайм”, - деп сөзүн жыйынтыктады Өкмөт башчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү