19
Апрель
2014
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Барак айылынын тургундары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Барак айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуу Барактык жаштар үчүн 18 гектар аянт жер бөлүнгөн, Карасуу районунун Ак-Таш айылдык аймагына караштуу Сары-Колот участогунда өттү. Башкы планга ылайык, айыл 157 үйдөн, мектеп, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана башка инфраструктурадан турат. Учурда 111 жер жер участогу бөлүнгөн. Ал эми мектеп, ФАП, сугат суусун чыгаруу, электрлештирүүгө 95 млн. сом керектелет.
Барак айылынын аксакалдары Премьер-министрге турак үйлөрдү курууга ссуда берүү жагын суранышты. Элеттиктер Барактык ар бир үй-бүлөнүн Сары-колот участогунда жаңы үйлөрдү салууга курулуш материалынын бир аз гана бөлүктөрү бар экенин айтышты. Курулуш материалдарын чек арадан алып өтүүдө бир топ кыйынчылыктарга учурайбыз. Айылдыктар Өкмөт башчыны жогорудагы маселени чечүүгө жардам берүүсүн суранышты.
Өз кезегинде Жоомарт Оторбаев өлкөдө инфраструктураны түзүү Өкмөттүн приоритеттүү милдеттеринен экендигин айтты. “Баардык жумуштар этап-этабы менен каржыланат. Республиканын бюджети бир эле учурда баардык айтылган маселелерди чече албайт. Быйыл капиталдык салым аркылуу мерчемделген иштерди бүткөрүүгө 8 млн. 500 миң сом каралган”, – деди ал.
Премьер-министр элеттиктерди барак айылынан Сары-Колот участогуна курулуш материалдарын алып өтүүдө жолтоосуз, баардык жардамдар берилээрин ишендирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү