12

Сентябрь

2014

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк метеорологиялык уюм башкы катчысы Мишель Жаро менен жолугушту

Бүгүн, 11-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк метеорологиялык уюм башкы катчысы Мишель Жаро менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Дүйнөлүк метеорологиялык уюм тарабынан Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан көмөктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Биз 1994-жылдан тарта сиздердин уюм мүчөсү болуп эсептелебиз жана ал кезден бери көптөгөн техникалык жана методологиялык жардам алдык», — деди Жоомарт Оторбаев.

«Биз мындан ары карай да Улуттук метеорология кызматын терең өнүктүрүүгө ниеттенүүдөбүз. Учурда биз Дүйнөлүк банктын линиясы боюнча Кызматты техникалык жактан жабдуу боюнча долбоорду ишке ашыруу менен алектенүүдөбүз», — деп кошумчалады Премьер-министр.

Өз кезегинде Мишель Жаро белгилегендей, Дүйнөлүк метеорологиялык уюм үчүн Кыргыз Республикасы менен кызматташууну өнүктүрүү абдан маанилүү:

«Иш метеорологияга тийиштүү болгондо, бардык мамлекеттер өлкө көлөмүнө карабастан, тыгыз кызматташуусу зарыл. Биз үчүн сиздердин өлкө уюмга 20 жыл мурда мүчө болгондугу маанилүү жана метеорологиялык маалыматты натыйжалуу алмашууга өз салымын кошууда», — деди Мишель Жаро жана бүгүнкү күндө КР Өкмөтү тарабынан КР ӨКМ караштуу Гидрометеорология боюнча агенттикке бурулуп жаткан көңүл өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын жакшырышына сөзсүз түрдө оңдуу жыйынтыктарды алып келээрин кошумчалады.

Андан соң тараптар маалымат алмашуу жана Уюм тарабынан сунуштарды даярдоо жаатында кызматташууну кеңейтүү мүмкүндүгүн, анын ичинде суу ресурстарынын көрсөткүчүн болжолдоо, климаттык өзгөрүүлөрдү талдоо, алардын өлкөдөгү жана аймактагы социалдык-экономикалык абалга тийгизген таасири, аймактык деңгээлдеги маалымат алмашуу процессин координациялоо, КР ӨКМ караштуу Агенттик кызматкерлери үчүн билим берүү программаларын сунуштоо мүмкүндүгү тууралуу маселелерди талкуулады.

Жыйынтыгында тараптар суу ресурстарын башкаруу жана тоо дайраларынын абалына байланыштуу коопсуздукту төмөндөтүү маселелерин чечүү зарылдыгына басым жасады.

[su_carousel source="media: 41543,41544,41545" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41460,41462,41461" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү