21
Май
Премьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев принял Государственного министра Канады госпожу Линн Елич
Бүгүн, 20-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Канаданын мамлекеттик министри Линн Еличти кабыл алды.
Л.Елич Жоомарт Оторбаевге Кыргызстанга келгени максаттары тууралуу айтып берди жана министрлик, мекеме өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстан менен Канаданын эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.
Тараптар ошондой эле, биргелешкен кызыкчылыктар боюнча маселелерди талкуулашты. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Канада менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө Кыргыз Өкмөтү мыйзамдын алкагында, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен кадам жасайт.
Жолугушуу канадалыктар тарабынан сунушталган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү