21

Май

2014

Премьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев встретился с генеральным директором «Российской газеты» Павлом Негоицей.

КР Өкмөт башчысы Орусия федерациясынын расмий басылмасынын советтер союзунан кийинки мейкиндиктеги интеграциялык процесси, Орусия менен өз ара кызматташтык, Кыргызстандын Бажы жана Евразия биримдигине кирүү ниетине байланышкан суроолоруна жооп берди.

Жоомарт Оторбаев белгилегендей, жакынкы убактарда Бажы биримдигине кирүү республика үчүн приоритеттүү, себеби, экономика менен жашоо деңгээли жакшырат. Премьер-министр министрлер кабинети тобокелдиктерди болушунча кыскартууга аракет кылып жатканын айтты.

“Российская газетанын” башкы мүдүрү Павел Негоица Кыргыз Өкмөт башчысы менен жолугушуу үчүн атайын Бишкекке учуп келген. Жоомарт Оторбаевдин “Российская газетага” берген интервьюсу гезиттин жакынкы күндөрдөгү санына “Иш тууралуу дасторкон үстүндө” (“Деловой завтрак”) деген аталышта чыгат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү