20
Июнь
Премьер-министр Кыргызской Республики вручил Почетную Грамоту Правительства Данияру Саякбаеву
Бүгүн, 20-июнда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомат Оторбаев КР ТИМ эл-аралык укук департаментинин экинчи катчысы - Саякбаев Данияр Асылбековичке мамлекет алдындагы өзгөчө салымын эске алуу иретинде КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырды.
«Саякбаев Данияр – мыкты юрист, жакшы адам, жаш боло да, өз ишин мыкты билет. Анын экспертизалары биздин мамлекетке керек, ал энергетика жана суу ресурстары маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекетибиздин кызыкчылыгын эң жогорку деңгээлде жактап келет», — деп белгиледи сыйлыкты тапшыруу аземинде Жоомарт Оторбаев.
Өкмөт башчы Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге өлкө өнүгүшүнө өз салымын кошо алган, патриот жана чыныгы адискөйдү тарбиялагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
КР Премьер-министри ошондой эле Данияр Саякбаевге ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди багынтуусун каалады. Саякбаев Д.А. КР экспорттук көзөмөл, тышкы миграция жаатындагы эл-аралык келишимдерди жана нормативдик-укуктук актыларды юридикалык жактан экспертизалоо менен алектенет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын суу-энергетикалык кызматташуу маселеси боюнча таламын талашууда, анын багытын иштеп чыгууда активдүү катышкан.
КР Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү