16

Январь

2014

Премьер-министр поручил ГНС и ГТС на 100% выполнить план по сбору доходов на январь 2014 года

Бүгүн, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев республикалык бюджеттин 2014-жылдын январь айына карата киреше бөлүмдөрүнүн аткарылышы  боюнча  кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде каржы министри Ольга Лаврова белгилегендей, январь айындагы салык мерчеми мамлекеттик салык жана бажы кызматтары үчүн бирдей – 2 млрд. 347 млн. сом. Анын айтуусунда 2014-жылы ай сайын керектелүүчү  республикалык бюджеттин көлөмү 8 млрд. 500 млн. сом.

Премьер-министр салык жана бажы кызматкерлерине “мерчемдер аткарылбаса аео жок экендигин” эскертти. “2013-жылдын жыйынтыгы боюнча салык кызматы мерчемдин 97,2 пайызын гана аткарды. Алдыдагы мамлекеттик салык кызматынын коллегиясында тиешелүү тыянактар чыгарылууга тийиш. Эгерде, мерчемди аткарбаган салык кызматкерлерине  карата түзүмдүк жетекчилери тарабынан тиешелүү чаралар колдонулбаса, анда мен салык кызматынын жетекчисине карата чечим кабыл алам”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.

Ошондой эле, Премьер-министр Өкмөткө караштуу баардык мамлекеттик инспекциялардын жетекчилерине айып жана туум төлөмдөрүнүн көлөмүн көбөйтүүнү көзөмөлдөөнү тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү