15
Январь
Премьер-министр поручил Минфину ускорить процесс усовершенствования системы госзакупок
Бүгүн, 15-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик сатып алуулар системасын жакшыртуу боюнча ишти тездетүүнү каржы министринин орун басары Таалай Таткуловго тапшырды.
“Учурдагы мамлекеттик сатып алуулар системасы коррупцияга айланган. Кызыктар болгон айрым адамдар мамлекеттик сатып алуулар системасын реформалоого бут тосууда. Ага карабастан, быйыл жаңы система ишке кириши керек”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев.
Ошондой эле, Премьер-министр Таалай Таткуловго бул багыттагы жылыштар боюнча эки жумада бир жолу маалымат берип турууну айтты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү