22
Февраль
Премьер-министр поручил в течение двух недель внести предложения по повышению заработных плат геологов
Бүгүн, 21-февралда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты.
Ж.Сатыбалдиев геология тармагынын абалы аянычтуу экендигин белгиледи.
«Тилекке каршы, мурунку Өкмөт башчылары геология тармагына тиешелүү деңгелде көңүл бурушкан эмес. Акыркы 5 жылдын ичинде агенттик ар кандай чатактарга илинип келди, жана азыркы учурга чейин көмүскө схемалары бар. Ушул убакытка чейин көптөгөн саясатчылар тоо кендерин казып чыгаруу тармагыӨкмөттүн ишмердүүлүгүндө ийгиликтүү багыт жана Кыргызстандын экономикасынын локомотиви болуп эсептелет деп өз сөздөрүндө гана белгилешчү, ал эми практикада эч кандай иш аракет кылынган эмес. Бүгүнкү күндө геология тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар көрүлбөсө, бул тармактын келечеги жок болот. Ошондуктан тармакка жаш кадрларды тартуу жана тажрыйбалуу геологдорго шарт түзүп берүү максатында Өкмөттүн кароосуна геологдордун айлык акысын көтөрүү боюнча сунуштарды эки жуманын ичинде киргизиңиздер. Бүгүнкү күндө геологдордун айлык акысы аз, ошондуктан алардын көпчүлүгү жеке секторлорго кетишүүдө », — деди Ж.Сатыбалдиев, агенттиктин мүдүрү Дуйшөнбек Зилалиевге кайрылып жатып.
Премьер-министргеологиялык чалгындоо иштерин жакшыртууга жанаминералдык-чийкизат базасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле Ж.Сатыбалдиев бул үчүн керектүү каражат изделерин айтып өттү.
Бүгүнкү күндө өткөрүлгөн аукциондордун жана сынактардын натыйжасында түшкөн каражаттын 1% агенттиктин атайын эсебине ошондой эле 7% минералдык-чийкизат базасын өнүктүрүүгө бөлүштүрүлөт.
Премьер-министр Д. Зилалиевке жогоруда айтылган каражаттарды тармакты өнүктүрүүгө өбөлгө болгон туура жолун карап чыгып, Өкмөттүн кароосуна киргизүү тапшырмасын берди.
Коллегиянын жүрүшүндө агенттиктин башчысы Д.Зилалиев мекеменин ишин тартипке келтирүү, берилген лицензияларды анализдөө жана паракорчулук схемаларга каршы күрөшүү боюнча иш аракеттерди айтып өттү. Анын билдирүүсүндө аталган бардык багыттар боюнча алдыга жасалган кадамдар байкалууда. «Биз мекеменин ишин тартипке келтире баштадык. Иштин бөлүгү аткарылды. Кылдаттык менен аткарылган иш аракеттерден соң , биз министрликтер жана мекемелерден биринчи агенттик ишинде 13 паракорчулук схема бар экендигин жарыяладык. Паракорчулука каршы иш аракеттерди аягына чейин чыгарабыз. Акыркы убактарда биз 1млн. 800 миң сом АКШ долларын түзгөн 3 аукцион өткөрдүк. Бул жылы дагы бир катар аукцион, сынактарды өткөрүү каралууда », — деди Д.Зилалиев.
Ал ошондой эле жылдын соңуна чейин агенттиктин борбордук лабораториясына кымбат техникалык жабдууларды алуу пландалып жаткандыгын маалымдады.
Коллегиянын ишинин жыйынтыгында Премьер-министр кызматкерлерди кыргыз геология тармагын калыбына келтирүү үчүн жардам көрсөтүлөөрүнө ишендирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү