09

Август

2014

Премьер-министр посетил золоторудное месторождение «Джеруй» и встретился с жителями Таласской области

Премьер-министр Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Жерүй” алтын кенине барды. Өкмөт башчы билдиргендей, учурда “Жерүй” боюнча эл аралык арбитраждык сотто соттук териштирүүлөр жүрүүдө, бирок ал кенди иштетүүгө карата сынак жарыялоого тоскоолдук келтирбейт.

“Жерүй” келечектүү кендерден болуп саналат, мында мыкты климаттык жана географиялык шарттар бар, мунун бардыгы алтындын өздүк наркына таасирин тийгизет. Мамгеология учурда келерки сынакка документтерди даярдоо менен алектенүүдө, ошондой эле тендердик комиссия түзүү пландаштырылууда, андан соң биз аны иштетүүгө сынак жарыялайбыз”, - деп белгиледи Премьер-министр.

Кенди карап чыккан соң, Жоомарт Оторбаев кен жайгашкан Бекмолдо айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.

Өкмөт башчы билдиргендей, анын иштиктүү сапарынын максаты катары “Жерүйгө” инвестиция тартуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин өткөрүү, ошондой эле калкты келерки күз-кыш мезгилине даярдоо маселеси болуп саналат.

Ошондой эле Жоомарт Оторбаев баса белгилегендей, алтын кенин иштетүү Талас облусунун гана экономикасын алга жылдырбастан, өлкөнүн тоо-кен өндүрүү тармагынын өнүгүшүнө да зор салым кошот.

“Миңге жакын жумушчу орундар түзүлүп, жергиликтүү тургундардын иштөөгө мүмкүндүгү пайда болот. Социалдык пакет тиркелип, мектеп жана жолдорду оңдоого каражат бөлүнөт. Буга байланыштуу Өкмөттүн “Жерүй” кенин иштетүүгө сынак жарыялоо демилгесин колдоого алууну өтүнөм»,- деди Премьер-министр.

“Быйылкы жылы суунун аздыгына байланыштуу бизде электр энергиясы жетишсиз болоору күтүлүүдө, ошондуктан мен сиздерди кышка олуттуу кам көрүүгө жана көмүр камдап алууга чакырам. Өкмөт өз турак-жайын электр энергиясы менен жылыткан үч фазалуу абоненттер үчүн электр энергиясына карата бааны жогорулатууну пландаштырууда. Бааны жогорулатуудан түшкөн каражаттар энергетикалык тармакты инвестициялоого багытталат»,- деп кошумчалады Жоомарт Оторбаев.

Өз кезегинде Бекмолдо айыл аймагынын тургундары кенге сынак жарыялоого макулдугун жана аны колдоого алаарын билдиришти. Тургундардын бирден-бир өтүнүчү сынак акыйкаттуу өткөрүлүшүнө байланыштуу айтылды. Тургундар инвесторлор өз милдеттерин так аткарган жана алар менен тыгыз байланышта иштеген учурда инвесторлор менен өз-ара натыйжалуу аракеттешүүгө карата макулдугун билдиришти.

Премьер-министр сынак акыйкат жана ачык өткөрүлүшүнө колдон келген аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

Андан соң Жоомарт Оторбаев Арал айылдык аймагынын Арал айылынын жашоочулары менен жолугушту, ал жерде да кышка карата камылга көрүү жана “Жерүй” кени боюнча маселе көтөрүлдү. Андан соң Премьер-министр жалпы узундугу 3 км, ал эми долбоор суммасы 22 млн сом эсептелген Көк-Ой-Кызыл-Туу автожолун реконструкциялоо боюнча иштердин жүрүшү менен таанышты.

[gallery ids="39691,39692,39693,39694,39695,39696,39697,39698,39699,39700,39701,39702,39703,39704,39705"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү