10

Март

2014

Премьер-министр предложил рассмотреть альтернативный вариант строительства эстакадного моста в г.Ош

Бүгүн, 10-мартта, Ош облусунда жумушчу сапары менен жүргөн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев дыйкандар үчүн берилип жаткан минералдык жер семирткичтердин даректүүлүгүн текшерди.

Ошондой эле, Жантөрө Сатыбалдиев алынып келинген жер семирткичтер сакталган кампаларды барып көрдү. Бул жерде Премьер-министрге Ош облусуна алынып келинген 10 миң 259 тонна жер семирткичтин 9 миң тоннасы дыйкандарга таратылып берилгенин маалымдашты.

Жантөрө Сатыбалдиев Кара-Суу районунун дыйкандары менен жолугушкан учурда жазгы талаачылык иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн Өкмөт тарабынан жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Премьер-министр фермерлерге ”Айыл чарбасын каржылоо-2” долбоору аркылуу берилип жаткан жеңилдетилген насыяларды алууда жигердүүлүктү көрсөтүүгө чакырды. “Былтыр фермерлерге берилген 3 млрд. 200 млн. сом агрардык тармактын өнүгүшүнө оң салым кошту. Атап айтсам, ири жана майда мүйүздүү жандыктардын санынын көбөйүшүнө алып келди”, - деди ал.

Өз кезегинде дыйкандар Өкмөткө минералдык жер семирткичтерге болгон бааны төмөндөтүп бергени үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле, дыйкандар сапаттуу үрөндөрдү да жеңилдетилген баада берүү зарылдыгын айтышты. Алардын билдирүүсүндө Ош облусунда жеке компания үрөндөрдү алып келип, жогорулатылган баада-бир килин 430 сомдон сатып жатканын билдиришти.  Өкмөт башчы бул багытта да иштер жасалып жатканын, атамекендик үрөн өндүрүүчүлөрдү колдоо чаралары көрүлүп келгенин билдирди.

Андан соң Премьер-министр ашма көпүрө салына турган Ош шаарындагы А.Новаи атындагы көчөнүн абалы менен таанышты. Жакында болуп өткөн кеңешмеде “капиталдык салым” беренеси боюнча узундугу 450 метр болгон Ош шаарындагы ашма көпүрөнүн курулушу тууралуу сөз болгон.

Премьер-министрге бул көпүрөнүн курулушуна 700 млн. сом керектелээрин айтышты. Мэрия жылына 40-50 млн. сом бөлүүгө кудурети бар. Былтыр 40 млн. сом бөлүнгөн. “Мындай ыргак менен курулуш жүрө турган болсо дагы 10 жыл керектелет. Бул кымбат долбоорду баштаардан мурда каржылоо булагын таап, андан соң долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу керек эле. Учурда республикалык бюджетте мындай кымбат долбоорду каржылоого каражат жок. Эгерде биз бюджеттен жылына 60 млн. сом, шаардык казнадан дагы 40 млн. сом бөлгөн күндө да көпүрөнүн курулушу 7 жылга созулат. Эл ушунча күтүшү керекпи?”, - деп суроо узатты Өкмөт башчы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө.

Ушул кырдаалдарды эске алуу менен Премьер-министр кеминде 200 млн. сом талап кылган курулуштун тандамын карап чыгууну жана бул маселенин тегерегинде Ош шаардык кеңешинин кезексиз кеңешмесин чакырууну сунуштады.

Андан соң, Жантөрө Сатыбалдиев Ош гуманитардык педагогикалык институтунун жыйындар залынын курулушу менен таанышты. Наркы 18 млн. сомго бааланган курулуш аталган окуу жайдын каражатына курулууда. Курулуш иштери менен таанышкан Премьер-министр зарыл болгон жардамдар көрсөтүлөөрүн айтты.

 [su_carousel source="media: 32706,32703,32702" link="image" items="4" title="no" mousewheel="no"]  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү