24

Январь

2014

Премьер-министр принял Генерального секретаря Международного союза автомобильного транспорта Умберто де Претто

Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Эл аралык автомобиль унаасы кеңешининБашкы катчысы Умберто де Преттону кабыл алды.

Жолугушууда тараптар Кыргызстанда автомобиль унаасын өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу маселесин талкуулашты.

Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Өкмөтү Эл аралык автомобиль унаасы кеңешинин демилгесин колдой турганын айтып, аталган уюм менен эл аралык деңгээлде сырткы каттамдар боюнча  гана  кызматташтыкты өнүктүрбөстөн, ички каттамдарды да жакшыртуу маселесинде өнөктөш болуу ниети бар экенин айтты.

Өз кезегинде Умберто де Претто Өкмөт башчыны Кыргызстанга жасаган иш сапарынын, бир катар министрликтер, мекемелер менен болгон жолугушууларда Эл аралык автомобиль унаасы кеңешинин мерчемдери жана долбоорлору тууралуу талкуулардын жыйынтыгы менен тааныштырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү