25

Январь

2014

Премьер-министр принял регионального директора офиса Управления ООН по обслуживанию проектов по Азии, Европе ближнего востока Брюса Маккарона

Бүгүн, 25-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев БУУнун Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү долбоорлорду тейлөө Башкармалыгынын аймактык мүдүрү Брюс Маккарон менен жолугушту.

Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен БУУнун долбоорлорду тейлөө Башкармалыгынын ортосунда электрондук өкмөттүн инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюлушуна терең ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр Өкмөт калктын мамлекеттик регистрин түзүү боюнча белгиленген биргелешкен иштердин жакын арада аткарылышына кызыктар экендигин белгиледи. Ал негизги иштер быйыл аткарылаарына ишеним көрсөттү.

Өз кезегинде Брюс Маккарон БУУнун долбоорлорду тейлөө боюнча Башкармалыгы алдыга коюлган баардык милдеттердин тез арада ишке ашуусун камсыздай турганын билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү