23
Декабрь
2013
Премьер-министр принял участие в открытии учебного кабинета, посвященного творчеству Чингиза Айтматова
Бүгүн, 23-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Апас Жумагулов атындагы Көк-Жар орто мектебинде Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган окуу бөлмөсүнүн ачылышында катышты.
Аталган иш-чара Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган. Ошондой эле бул мектепте Апас Жумагуловдун музейи да ачылды.
Белгилей кетсек, ачылышка Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, коомдук ишмер Апас Жумагулов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Чынгыз Айтматовдун туугандары катышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү