01

Февраль

2014

Премьер-министр раскритиковал министра здравоохранения по итогам 2013 года

Бүгүн, 1-февралда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында “Саламаттык сактоо тармагынын абалы жана 2013-жылдагы мамлекеттик “Ден-соолук” программасын аткарууда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгү” аталышындагы маселе каралды.

Министр Динара Сагынбаева  “Ден-соолук” программасына 4 негизги приоритеттүү багыттар кире тургандыгын белгиледи. Алар эне менен баланын өлүмүн азайтуу, жүрөк-кан тамыр ооруларын азайтуу, кургак учук жана ВИЧ илдеттерин төмөндөтүү, ошондой эле, ооруларды алдын алуу багыттары.

Министрдин айтымында, былтыр күндүзгү стационарлардын иши жандандырылган, натыйжада дарыгерлерге кайрылган 20 миңдей кесел ооруканага жаткырылбай дарыланган.

Премьер-министр министрдин маалыматын угуп, 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча министрликтин жетекчилигинин ишине канааттанбай тургандыгын билдирди.

“Учурда атамекендик саламаттык сактоо тармагында реформалар реформанын өзү үчүн өткөрүлүп жаткандай. Баш аламан реформалардын кесепетинен системалашкан иш жок. Былтыр ооруканаларды толук оңдоп чыгууга 500 млн. сом бөлүнгөн. Ошол эле учурда Кемин районунда 5 млн. сомдук объект бүткөрүлбөй калган. Себеби, каражаттар натыйжасыз пайдаланылган. Бишкектеги Жал кичирайонундагы балдардын республикалык ооруканасынын экинчи бөлүмүн бүткөрүүгө 83 млн. сом талап кылынат. Биринчи кезекте зарыл болгон багыттарга жумшоо керек каражатты. Бул багытта сиз министр катары принципсиз иш жасагансыз. Эки жарым жыл ичинде тартипке салууга болот эле да. Мына, мисалга алсам, бир эле нитроглицерин дарысы таластык ооруканаларга ар башка баада жеткирилет. Мунун баарын билип туруп, көз жумуп жатасыз”, - деди Жантөрө Сатыбалдиев Динара Сагынбаевага кайрылып.

Премьер-министр социалдык тармакты тейлеген Вице-премьер-министр Камила Талиевага Саламаттык сактоо тармагынын коллегиясында министрликтин жетекчилигинин иши боюнча жыйынтык чыгарууну тапшырды.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү