26

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдагы туристтик сезонду өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-майда, Өкмөттүк жыйында 2016-жылдагы туристтик сезонду өткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилерине 2016-жылдын 1-июнуна чейин курорттук эс алуучу жайлардын даярдыгын толук текшерүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Салык кызматына активдүү туристтик сезондо (июнь - сентябрь) чет элдик жарандардын Кыргызстандын аймагына өтүү учурунда чек ара жана бажы текшерүүлөрүн азайтып, убакытты үнөмдөө боюнча чечкиндүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризм министрлигине, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматына:

- туристтер келген жерлерде маалымат баракчаларын даярдоо, негизги магистралдык жолдорго коомдук тартип жана коопсуздук боюнча байланыш телефон номерлери жазылган тактайларды жайгаштыруу;

- Кыргыз Республикасынын Чек ара өткөрүү бекеттеринде, аэропорт, мейманкана, эс алуучу жайларга туристтердин укуктары, милдеттери жазылган, маселе болсо кайрыла турган бардык тиешелүү органдардын байланыш номерлери жазылган маалыматтык баракчалар менен камсыз кылууну тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр менен биргеликте укук жана тартип бузуу боюнча алдын ала эскертилген оперативдүү-профилактикалык иш чараларды өткөрүүнү, эс алуу жайларына жана жолдорго патрулдук кызматкерлерди коюп, жол кыймылынын коопсуздугун, унаалар токтоочу жайлардагы тартипти камсыз кылып, туристтердин кайрылууларына ыкчам жооп бере турган штабдарды түзүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине эс алуучулар көп жүргөн аймактарда өрт жана санитардык коопсуздук эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

Кыргыз Республиксынын Саламаттыкты сактоо министрлигине – убактылуу тамак-аш жасаган жайларды көзөмөлгө алууну, мындан тышкары уруксаат берилбеген жайларда  тамак-аш азыктарын сатууда санитардык эрежелерди сактоону көзөмөлгө алуу, эс алуучулар көп келген  аймактарда тез жардам көрсөтүү боюнча нөөмөт топторду түзүү;

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги биргеликте Кыргызстандын тышкы рыногунун негизинде туристтик потенциалды өнүктүрүүгө  арналган  иш чараларды өткөрүү;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой-чарба агенттигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына 2016-жылдын 1-июнуна чейин  ден соолукту чыңдоочу мекемелердин аймагында жайгашкан жер астынан чыккан суулардын, көлдөгү жана булак суусунун, пляж зонасындагы  кумдун химиялык анализин чыгаруу тапшырмасы берилди.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү