17
Апрель
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2016-жылдын жыйынтыгы менен Өкмөт өлкөдөгү экономиканы турукташтырып, республикалык бюджетти тең салмактуу сактай алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде коалициялык көпчүлүктүн кароосуна киргизди.
Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзү:
« Урматтуу Төрөбай Закирович,
Урматтуу Алмазбек Батырбекович,
Урматтуу Алтынбек Турдубаевич,
Урматтуу депутаттар!
Сиздердин назарыңыздарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши боюнча 2016-жылдын отчётун сунуш кылып жатабыз. Отчёт жаңы форматта даярдалды.
2016-жылдын ичиндеги Өкмөттүн иши Жогорку Кеңеш тарабынан өткөн жылдын 13-апрелинде бекитилген Ишеним жана биримдик программасында 2016-жыл үчүн белгиленген артыкчылыктуу багыттарга жетүүгө багытталган. Аталган программанын алкагында Өкмөттүн 2016-жылга карата Иш-аракеттер планы бекитилген.
2016-жылга бекитилген Өкмөттүн Программасы 90%га аткарылды.
Мындан сырткары Кыргызстанда ар түрдүү сектордук жана тармактык стратегиялык документтер ишке ашырылып жатат. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы мамлекеттик программалар 78,1%га аткарылды.
Калктын ишеним индекси 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 27,8 баллды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга жогору болду. Ал эми проценттик көрсөткүчү 63,9%ды түздү.
Өлкөнүн өнүгүшүн баалоодо тышкы көрсөткүч катары Кыргызстандын эл аралык рейтингдеги ээлеген орду абдан маанилүү.
Коррупцияны кабылдоо индекси боюнча – дүйнөдө 136-орунда турабыз, 2015-жылга салыштырмалуу 13 позицияга чегиндик. Бирок бул артка жылуу – индекске кошумча 9 өлкөнүн кошулушу менен шартталды. Аталган индекс боюнча Кыргызстандын позициясы өзгөрүүсүз калган, же 28 баллга ээ болгон боюнча турат.
Экономикалык эркиндик индекси боюнча – Кыргызстан 89-орунду ээлеп, бул көрсөткүч 7 позицияга жакшырган.
“Бизнести жүргүзүү” («Doing Business») индекси боюнча – 75-орундабыз. Бул көрсөткүч боюнча 2 позицияга төмөндөдүк. Мунун башкы себеби – рейтингде өлчөө методологиясынын жана өлкөлөрдүн санынын өзгөрүшүнө байланыштуу болду. Бирок биздин республика өткөн жылга салыштырмалуу өз көрсөткүчтөрүн жакшырта алды.
Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча – 111-орундабыз, 9 позицияга чегиндик. Бул рейтингдеги Кыргызстандын чегинген позициясы негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык түшүүлөргө жана каатчылыктарга байланыштуу болду.
Социалдык прогресс индекси боюнча – 79-орундабыз,14 позицияга көтөрүлдүк.
Прессанын эркиндиги индекси боюнча – 85-орундабыз, 3 позицияга жогоруладык.
Өркүндөө (процветания) индекси боюнча – өткөн жылдагыдай эле 77-орундабыз.
Кыргызстандын эл аралык рейтингдеги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында негизги багыттар боюнча өзүнчө Иш-аракеттер Планы бекитилди. Мунун ичинде бизнестин электр энергиясына кошулушу, салык салуу, контракттардын аткарылышын камсыздоо жана төлөй албай калуу жөндөмдүүлүгүн чечүү багыттары бар.
Эл аралык рейтингдер боюнча Кыргызстандын жалпысынан интеграцияланган позициясы 2016-жылы 42,2%ды түздү, бул 2015-жылга салыштырмалуу 0,2%га көтөрүлгөн.
Демек, жаңы форматка ылайык Өкмөттүн 2016-жылдагы ишинин Интегралдык көрсөткүчү 46,9%ды түздү.
Өкмөттүн 2016-жылдагы башкы милдети – экономикалык өсүштүн динамикасын сактап калуу болгон. Анткени дүйнөлүк экономикадагы жана Кыргызстандын соода өнөктөш өлкөлөрүндөгү терс тенденциялардын биздин мамлекеттин экономикасына таасирин тийгизүү коркунучу бар болчу.
Отчёттук жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 458 млрд сомду түздү, ал эми реалдуу темптин өсүшү 103,8% болду. Прогноз 2,7% болгон.
ИДПдагы дефлятор 102,5%дык деңгээлде түзүлдү.
Экономикалык өсүш бардык секторлор боюнча камсыз болду.
2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли 100,4%ды түздү, бул көрсөткүч ЕврАзЭС өлкөлөрүндө эң жакшы көрсөткүч болуп саналат.
2016-жылдын биринчи кварталында өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 25%га азайгандыгына карабастан, жылдын аягында биз бул сектордун 5,2%га өсүшүн камсыз кыла алдык.
2016-жылы 197,1 млрд сомго айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлгөн.
Айыл чарбасынын дүң продукциясынын көлөмүнүн көбөйүшү – мал чарбасы боюнча 2,5%га жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк боюнча 3,7%га продукциялардын көп өндүрүлүшү менен шартталды.
Бардык өнөктөш өлкөлөр боюнча өз ара соода 2016-жылы кыскарса, ал эми Кыргызстан өзүнүн продукциясын экспорттоону 4,4%га көбөйткөн.
2016-2017-жылдын жылытуу сезонунда энергетикалык система туруктуу иштеп турду. Энергетика тармагында 13,04 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлдү, бул 2015-жылга салыштырмалуу 85 млн кВт саатка көбүрөөк. Электр энергиясындагы жоготуулар 15%дан 13,9%га чейин кыскарды.
Курулуштагы дүң продукциянын жалпы көлөмү 2016-жылы 128,6 млрд сомду түзүп, 7,4%га жогорулады.
2016-жылы тейлөө чөйрөсүндөгү дүң чыгарылыш 387,7 млрд сомдун көлөмүндө түзүлдү жана реалдуу өсүү темпи 102,9% болду.
Чет өлкөлүк түз инвестициялардын түшүшү 2015-жылга салыштырмалуу 58,4%га төмөндөдү жана 654,8 млн АКШ долл түздү. Кыргызстанга 2016-жылы келген инвестициялардын 40% ЕврАзЭС өлкөлөрүнөн келген инвестициялар болду.
Түз инвестициянын төмөндөшүнүн башкы себептери: 2015-жылы Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун эсебинен көп инвестиция келген (350 млн АКШ долл), “Джунда” нефти кайра иштетүүчү заводу ишке берилген (350 млн АКШ долл), “Газпром Кыргызстан” инвестициялары көп болгон (120 млн АКШ долл), “Бозумчак” кени өздөштүрүлгөн (180 млн долл.).
2016-жылы тышкы сооданын жүгүртүлүшү боюнча импорттун көлөмү 3919,1 млн долл. түзүп, 3,7%га төмөндөгөн. Экспорт 1544,6 млн. долл. түзүп, 5,1%га жогорулады.
2016-жылы соода-сатык балансынын дефицити 2015-жылга салыштырмалуу 8,6%га кыскарып, 2374,5 млн. АКШ долл. түздү.
2016-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 130,6 млрд сом түздү, 2015-жылга салыштырмалуу кирешелер 1,8%га же 2,3 млрд сомго өскөн.
Буга карабастан биз салыктык төлөмдөрдү 2015-жылга салыштырмалуу 11,8 млрд сомго көп чогулттук.
2016-жылы республикалык бюджеттин чыгашалык бөлүгү 131,3 млрд сомго аткарылды, 2015-жылга салыштырмалуу 18,4 млрд сомго же 16,3%га жогорулады.
2016-жылы социалдык секторго кеткен республикалык бюджеттин чыгашаларынын салыштырма салмагы 53,5% же 73,1 млрд сомду түздү.
Отчёттук мезгилде мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөп берүүгө республикалык бюджеттен 5,4 млрд сом жумшалды, бул 2015-жылга салыштырмалуу 10,3%га көптүк кылат.
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ымыркайлардын өлүмү 1000 төрөлгөн балага 16,6 ымыркайды түздү. Балдардын өлүмү 8%га азайды.
Энелердин өлүмү республикада 2016-жылы – 2015-жылга салыштырмалуу 29,9%га төмөндөдү.
Мектеп мугалимдеринин орточо реалдуу айлык акысы айына 13 824 сомго чыкты. Бул өлкө боюнча реалдуу орточо айлык акыга биринчи жолу жакындады деп айтсак болот.
Эң башкысы, Өкмөт бюджеттин корголгон беренелери боюнча каржылоону 100%га аткарды (айлык акы, Соцфонд төгүмдөрү, медикаменттер, тамактануу, жөлөкпулдар, стипендиялар).
2016-жылы 278 социалдык объекттин курулушу 5,2 млрд сомго каржыланды, алардын ичинен 97 объект курулуп бүттү.
Отчёттук мезгил ичинде жолдорду куруу жана оңдоо иштерине 4871,4 млн сом каражат жумшалды. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 144,3%ды түздү. Анын ичинен бюджеттин эсебинен 1 914,1 млн сом керектелди. Ал эми мамлекеттик капиталдык салымдар объектилери 2 957,3 млн сомго каржыланды.
Өкмөт эл аралык жана ички транспорттук коридорлорду реабилитациялоо иштерин улантат.
Бюджеттик кирешелеринин түшпөй калууларына карабастан, бизнести өнүктүрүү үчүн жана ишканаларыбыздын ЕврАзЭСтин алкагында атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу максатында биз фискалдык режимди либералдаштырууну уланттык.
- 2016-жылдын 1-январынан тартып товарларды, кызматтарды жана тейлөөлөрдү экспорттоочулар сатуудан түшкөн салыктан бошотулду;
- өткөн жылдын 1-июлунан тартып чекене эмес формада операцияларга сатуудан түшкөн салыкка нөлдүк ставка коюлду;
- накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, кызматтарды жана тейлөөлөрдү сатууда салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы боюнча бирдиктүү салык ставкалары эки эсеге төмөндөтүлдү (6%дан 3%га чейин);
- 2018-жылдын 1-сентябрына чейин айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларында кирешеден түшкөн салыкка жана кошумча нарк салыгына берилген жеңилдиктер сакталып турат (НДСтен жана кирешеден түшкөн салыктан бошотуу).
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды, ошондой эле милдеттүү жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктарды чогултуу укугу берилген.
Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо жана товарлардын мыйзамсыз жол менен ташылып келишине каршы күрөшүү максатында контролдук баалардын минималдуу деңгээли киргизилди. Ошондой эле онлайн режимде маалыматтарды өткөрүп берип туруучу контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизми ишке киргизилип жатат.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Мындан тышкары ушул жылы Өкмөт лицензия-уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, анын ичинде лицензия берүүнүн автоматташтырылган системасын киргизүү боюнча иштерди улантат.
“Кепилдик фонд” ачык акционердик коому 282 млн сом капиталы менен түзүлдү, бүгүнкү күндө жалпы суммасы 17,7 млн сомдук 19 долбоорго кепилдик берилди.
“ФСХ-4” долбоорунун алкагында 4,8 млрд сомго 13245 кредит берилди. 2015-жылга караганда жеңилдетилген кредиттердин өсүшү 26,3%ды түздү.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу жандандырылууда.
2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиядан бөлүнгөн 500 млн доллардын ичинен жалпы суммасы 202 млн долларга жеткен 647 долбоор жактырылды.
ЕврАзЭСтин алкагында жаңы рыноктордун бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу максатында экономиканын тармактары үчүн ортодогу инфраструктураны түзүү зарыл.
Бул үчүн 2017-жылы “Текстиль-тигүү өндүрүшү үчүн “Технополис” долбоорун ишке киргизүү боюнча иштер улантылат. Бул маселе төрт жылдан бери бир орундан жылбай турган. Отчёттук жыл ичинде биз Военно-Антоновка айылынан жер бөлүп берүү башкы маселесин чечүүгө жетиштик.
Мындан сырткары Өкмөт тарабынан 2017-2021-жылдарга Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынды.
Бул багытты колдоо үчүн төмөнкүдөй долбоорлор ишке ашырыла баштады:
- Токмокто “Текстиль-Транс” ишканасы ишке киргизилди;
- Кара-Балта шаарында 35 млн АКШ долларлык Деңиз-текстиль фабрикасынын курулушу башталды.
Өкмөт кант-кызылча тармагын өнүктүрүүнүн Стратегиясын иштеп жатат. Азыркы учурда темир жол аркылуу кызылчаларды заводдорго ташып жеткирүүдө 20% жеңилдик берүү жагы караштырылды. Мындан тышкары Россия-Кыргыз өнүгүү фонду “Кошой” кант заводун (10 млн долл) жана “Кайыңды-Кант” ишканасын (5,5 млн долл) колдоо маселесин жактырды. Бул маселенин чечилиши менен өлкөбүз кант менен камсыз болот.
2016-жылы инвестицияларды тартуу жана экспортту жылдыруу боюнча бирдиктүү институт түзүлдү. Буга байланыштуу ушул жылы Экспортту өнүктүрүү программасы жандандырылды.
Биримдик өлкөлөрүндөгү ветеринардык контролдун биздин өлкөдө эквиваленттүү системасын камсыз кылуу үчүн ветеринардык лабораторияларды ЕврАзЭСтин талаптарына ылайык келтирүү максатында 2017-жылы сапат боюнча эл аралык сертификациялоо стандарттарына туура келген, заманбап лабораториялардын комплексин түзүү боюнча иштер улантылат. Ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттардын берилишин көзөмөлдөө боюнча маалыматтык система ишке киргизилет.
Бүгүнкү күндө 4 өткөрүү пункту: «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркеч-Там» өткөрүү пункттары жана 7 ветеринардык-контролдук пункт: «Кара-Суу» темир жолундагы, «Манас», «Ош» аэропортторундагы пункттар жана «Торугарт», «Эркеч-Там», «Достук», «Кызыл-Бел», пункттары жабдылды.
Кошумча 6 өткөрүү пункту мамлекеттик бюджеттин эсебинен ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт (анын ичинде: “Ак-Тилек”, “Токмок-Автожол”, “Кең-Булуң” пункттары бар).
Ошондой эле мамлекеттик бюджеттин эсебинен Талас, Баткен, Каракол, Балыкчы шаарларында 4 жаңы ветеринардык лаборатория салынып жатат. Булар менен катар малды идентификациялоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Булардын бардыгы кыргыз-казак чек арасында ветеринардык контролду таптакыр алып салууга жардам берет.
Өсүмдүктөрдөн алынган продукциялардын бардыгын экспорттоого болот, аларга эч кандай чек жок.
Бирдиктүү бажы тарифтери боюнча алып салуу тизмегин Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу секторлор боюнча кеңейтүү жагы даярдалды. Жакынкы күндөрү ЕЭКтин кароосуна жөнөтүлөт (742 товар боюнча, анын ичинде Бишкек СЭЗден чыккан продукциялар дагы бар)
Евросоюздун “ВСП+” статусуна ээ болушубуз да – бизден сапат инфраструктурасын киргизүүнү талап кылууда.
Буга байланыштуу 2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын улуттук сапат инфраструктурасын өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу Планы иштелип чыгууда.
2017-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кире турган ЕврАзЭСтин 18 техникалык регламенти жана ХАСПП принциптерин киргизүү боюнча маалыматтык иштери жүргүзүлүп жатат.
Айыл чарба тармагында тамчылатып сугаруу технологияларын киргизүүгө колдоо көрсөтүлдү. Республика боюнча 300 жаңы теплицанын курулушу жана ишке кириши камсыз болду. Ошондой эле мал союучу жана этти кайра иштетүүчү 10 заманбап ишкананын курулушу башталды.
2020-жылга чейин Машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча Программа бекитилип, ишке ашырыла баштады. 2016-жылы республика боюнча 32 жаңы МТС жана техсервистер ачылды. Лизингге жалпы суммасы 376,7 млн сом өлчөмүндө 259 техника берилди.
2017-2026-жылдарга Кыргызстандын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыкты, жакында кабыл алабыз.
Айылдарды таза суу жана саркынды суулар системасы менен камсыз кылуу максатында өткөн жылы 2026-жылга чейин Кыргызстандын айылдарын ичүүчү суу жана саркынды суулар системасын өнүктүрүүнүн Стратегиясы кабыл алынды.
Стратегияны ишке ашыруу Планына ылайык 2026-жылга чейин республика боюнча 657 айылдын жана 22 шаардын, ошондой эле 26 райондун борборундагы суу курулмалары менен канализация системалары оңдолот жана салынат.
2016-жылдан баштап бардыгы 140 айылды жана 10 шаарды камтыган 11 млрд 754 млн сомдук долбоорлор ишке ашырыла баштады. Атап айтсам, Баткен, Нарын, Ош (2-фаза), Кара-Суу, Чолпон-Ата, Кызыл-Кыя, Майлы-Суу, Өзгөн, Токтогул, Балыкчы шаарларынын долбоорлору жактырылып, иш башталды. Калган шаарлардын техникалык-экономикалык негиздемелери иштелип чыгып, бүгүнкү күндө ЕБРР менен келишимдер кол коюунун алдында турат.
Өткөн жылы саясий жана эл аралык масштабдагы социалдык-маданий иш-чаралар көп өткөрүлдү. СНГ, ШОС, ОДКБ, ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммиттери жогорку деңгээлде уюштурулду. Ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өткөрүлдү. Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленди.
2016-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду биометрикалык маалыматтарды колдонуунун негизинде ийгиликтүү өткөрө алдык.
Өткөн жылы биз мамлекеттик кызматтарды автоматташтырууга басым жасадык.
Бул маселени активдештирүү максатында 2016-жылы атайын өзүнчө мамлекеттик органды түзүү чечими кабыл алынган (Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети).
Функционалдык анализдин базасында ведомстволор ортосунда “Түндүк” электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы иштелип чыгып, ишке киргизилүүдө. Азыр анын айрым элементтери тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат.
Мамлекеттик ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу жана эффективдүү башкаруу максатында мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу иштери жүргүзүлдү. 1130 мамлекеттик ишкананы анализдеп чыктык. Анын жыйынтыгы боюнча 2016-жылы 118 ишкана жоюлду, 81 мекеме кайрадан түзүлдү жана 19 мамлекеттик ишкана башкаларга кошулду.
Өкмөт тарабынан мамлекеттик менчикти башкаруу системасында өзгөртүүлөр башталды. ”Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри” түзүлдү. Мындан тышкары менеджмент маселелерин эффективдүү жогорулатуу үчүн башкаруу органдарына компаниянын ишин финансылык жакшы натыйжаларга алып келүүчү атайын бонустар системасын иштеп чыгып, аларды ишке киргизүүнү пландаштырууда.
2017-жылдын аягына чейин Өкмөт мамлекеттик мүлктү толугу менен инвентаризациялоо ишин аягына чыгарууну көздөп жатат.
Өткөн жылы Өкмөт тарабынан региондорду өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынды. Концепциянын негизине жаңыча мамиле киргизилди. Анда шаарлар өсүү точкаларына жана региондордун экономикалык өнүгүүсүнүн локомотивине айланат.
Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү перспективада региондорду адистештирүү пландаштырылууда. Анда тиешелүү өндүрүштүк, айыл чарба жана логистикалык инфраструктураларды, ошондой эле кластерлерди түзүү аркылуу өнүктүрүү каралып жатат.
Аталган Концепция өнөр жайды жана энергетиканы өнүктүрүү Концепцияларын кабыл алууга негиз болот.
Мындан тышкары Россия-Кыргыз өнүгүү фонду менен биргеликте индустриализация программасын ишке ашыруунун алкагында региондордо айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү керектүү ишканаларды жайгаштыруу боюнча долбоорлор ишке ашырылат.
Кабыл алынган макроэкономикалык прогнозго ылайык 2017-жылы экономикалык өсүш 3,5%да пландаштырылууда. Бирдиктүү экономикалык комиссиянын баалоосу боюнча бул көрсөткүчтөр ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн орточо өсүү темптерине салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтөр болуп саналат.
Бирок бул максатка жетүү үчүн белгиленген пландарды натыйжалуу ишке ашырууга бизнестин, элдин жана бийликтин бардык бутактарынын күч-аракеттерин бириктирүү керек.
Буга байланыштуу, урматтуу Көпчүлүк коалициянын депутаттары, Сиздердин колдооңуздар абдан маанилүү.
2017-жылдын биринчи кварталы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшү 7,8%га чыкты. Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын ушул мезгилинде ИДП 6,4%га төмөндөгөн эле.
Кыргыз Өкмөтү өлкөнүн экономикалык кырдаалын туруктуу кармап турууга жана республикалык бюджетти теңдештирүүгө жетише алды. Буга байланыштуу Өкмөттүн 2016-жылдагы отчётун колдоп берүүңүздөрдү суранам».
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү