27

Апрель

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2016-жылы, Өкмөт өлкөдөгү экономикалык кырдаалды турукташтырууга жана узак мөөнөттүү максаттарды аткарууга негиз түзгөнгө жетишти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-апрелде, Өкмөттүн 2016-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берди.

Төмөндө Премьер-министрдин сөзү:

Урматтуу Чыныбай Акунович,

Урматтуу фракция жетекчилери,

Урматтуу депутаттар!

 

Сиздердин назарыңыздарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иши боюнча 2016-жылдын отчётун сунуш кылып жатабыз. Отчёт жаңы форматта даярдалды.

Өкмөттүн отчёту Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясында, комитеттерде жана фракцияларда каралды. Бардык жыйындарда бир катар конструктивдүү жана баалуу сунуштар айтылды. Алардын бардыгы Өкмөт тарабынан эске алынат.

Отчёттүк мезгил ичиндеги Өкмөттүн иши Жогорку Кеңеш тарабынан өткөн жылдын 13-апрелинде бекитилген Ишеним жана биримдик программасында 2016-жыл үчүн белгиленген артыкчылыктарга жетүүгө багытталган. Аталган программанын алкагында Өкмөттүн 2016-жылга карата Иш-аракеттер планы иштелип чыккан.

2016-жылга бекитилген Өкмөттүн Программасы 90%га аткарылды.

Мындан сырткары Кыргызстанда ар түрдүү сектордук жана тармактык стратегиялык документтер ишке ашырылып жатат. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпы мамлекеттик программалар 78,1%га аткарылды.

Калктын ишеним индекси 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча 27,8 баллды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 5,8 баллга жогору болду. Ал эми пайыздык көрсөткүчү 63,9%ды түздү.

Өлкөнүн өнүгүшүн баалоодо тышкы көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстандын эл аралык рейтингдеги ээлеген орду абдан маанилүү.

Коррупцияны кабылдоо индекси боюнча – дүйнөдө 136-орунда турабыз, 2015-жылга салыштырмалуу 13 позицияга чегиндик. Бирок бул позиция – индекске кошумча 9 өлкөнүн кошулушу менен шартталды. Аталган индекс боюнча Кыргызстандын позициясы өзгөрүүсүз калган, же 28 баллга ээ болгон боюнча турат.

Экономикалык эркиндик индекси боюнча – Кыргызстан 89-орунду ээлеп, бул көрсөткүч 7 позицияга жакшырган.

“Бизнести жүргүзүү” («Doing Business») индекси боюнча – 75-орундабыз. Бул көрсөткүч боюнча 2 позицияга төмөндөдүк. Мунун башкы себеби – рейтингде өлчөө методологиясынын жана өлкөлөрдүн санынын өзгөрүшүнө байланыштуу болду. Бирок биздин республика өткөн жылга салыштырмалуу өз көрсөткүчтөрүн жакшырта алды.

Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча – 111-орундабыз, 9 позицияга чегиндик. Мунун себеби – негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык түшүүлөргө жана каатчылыктарга байланыштуу болду.

Кыргызстандын эл аралык рейтингдеги көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында негизги багыттар боюнча өзүнчө Иш-аракеттер Планы бекитилди. Мунун ичинде бизнестин электр энергиясына кошулушу, салык салуу, контракттардын аткарылышын камсыздоо жана төлөй албай калуу жөндөмдүүлүгүн чечүү багыттары бар.

Жалпысынан эл аралык рейтингдер боюнча Кыргызстандын интеграцияланган позициясы 2016-жылы 42,2%ды түздү, бул 2015-жылга салыштырмалуу 0,2%га көтөрүлгөн.

Жаңы форматка ылайык Өкмөттүн 2016-жылдагы ишинин Интегралдык көрсөткүчү 46,9%ды түздү.

 

Урматтуу депутаттар!

Өкмөттүн 2016-жылдагы башкы милдети – экономикалык өсүштүн динамикасын сактап калуу болгон. Анткени дүйнөлүк экономикадагы жана Кыргызстандын соода өнөктөш өлкөлөрүндөгү терс тенденциялардын биздин мамлекеттин экономикасына таасирин тийгизүү коркунучу бар болчу.

Кыргызстандын экономикасынын өсүштөрүн ЕврАзЭСтеги өнөктөш өлкөлөр да баса белгилеп жатышат. Алсак, ЕЭКтин маалыматтары боюнча, Евразия экономикалык биримдигиндеги мүчө өлкөлөрдүн арасында Кыргызстан ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча лидер болуп саналат.

Отчёттук жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 458 млрд сомду түздү, ал эми реалдуу темптин өсүшү 103,8% болду. Болжол 2,7% болгон.

ИДПдагы дефлятор 102,5%дык деңгээлде түзүлдү.

Экономикалык өсүш бардык секторлор боюнча камсыз болду.

2016-жылы инфляциянын орточо жылдык деңгээли 100,4%ды түздү, бул көрсөткүч ЕврАзЭС өлкөлөрүндө эң жакшы көрсөткүч болуп саналат.

2016-жылы өнөр жай ишканалары жалпы 205,3 млрд сомго продукция өндүрүп, реалдуу өсүш 5,2%ды түздү.

Өткөн жылы 197,1 млрд сомго айыл чарбасынын дүң продукциясы өндүрүлүп, 3% өсүш болду.

ЕЭКтин маалыматтары боюнча, ЕврАзЭСтин бардык өлкөлөрү боюнча өз ара соода 2016-жылы кыскарууга туш болсо, Кыргызстан өзүнүн продукциясын экспорттоону 4,4%га көбөйтө алды.

Энергетикалык тармакты башкаруу системасын реформалоо максатында Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана “Улуттук энерго холлдинг” ачык акционердик коому түзүлдү. 2016-жылдын ичинде эле бул түзүмдөр өздөрүнүн жакшы натыйжаларын  көрсөтө баштады.

2016-2017-жылдын жылытуу сезонунда энергетикалык система туруктуу иштеп турду. Энергетика тармагында 13,04 млрд кВт саат электр энергиясы өндүрүлдү, бул 2015-жылга салыштырмалуу 85 млн кВт саатка көбүрөөк. Электр энергиясындагы жоготуулар 13,9%га, дебитордук карыз 1,7%га чейин кыскарды.

Ири энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы улантылууда. Бишкек шаарынын ТЭЦи  кыргыз көмүрүн пайдаланууга ылайыкташтырылып модернизацияланууда,  Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтеринде реконструкция иштери жүргүзүлүүдө, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Курулуштагы дүң продукциянын жалпы көлөмү 2016-жылы 128,6 млрд сомду түзүп, 7,4%га жогорулады.

Ошондой эле кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү дүң чыгарылыш 387,7 млрд сомдун көлөмүндө түзүлдү. Реалдуу өсүү темпи 102,9% болду.

2016-жылы тышкы соода боюнча импорттун көлөмү 3919,1 млн долл. түзүп, 3,7%га төмөндөгөн. Экспорт 1544,6 млн. долл. түзүп, 5,1%га жогорулады.

Өткөн жылы соода-сатык балансынын дефицити 2015-жылга салыштырмалуу 8,6%га кыскарып, 2374,5 млн. АКШ долл. түздү.

2016-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 130,6 млрд сом түздү, 2015-жылга салыштырмалуу кирешелер 1,8%га же 2,3 млрд сомго көбөйгөн.

2016-жылы республикалык бюджеттин чыгашалык бөлүгү 131,3 млрд сомго аткарылды. 2015-жылга салыштырмалуу 18,4 млрд сомго же 16,3%га жогорулады.

Өкмөттүн 2016-жылдагы жакшы көрсөткүчтөрүнүн бири катары мамлекеттик бюджеттин дефицитин ИДПга карата 4,6%дык деңгээлде кармап туруу боюнча жүргүзгөн иштерин айтууга болот.

Урматтуу депутаттар!

Баарыңыздардын эсиңиздерде бардыр, Өкмөт  бюджеттин киреше бөлүгүндөгү параметрлердин кескин кыскарып кетишине жол бербеш үчүн тиешелүү салыктык жана бажы төлөмдөрүнөн келип түшүүлөрдүн максималдуу  темпин сактап калуу үчүн атайын чечим кабыл алган.

Бирок буга карабастан биз салыктык төлөмдөрдү 2015-жылга салыштырмалуу 11,8 млрд сомго көп чогулттук (Салык кызматы боюнча).

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык камсыздандыруу төлөмдөрүнөн 26,5 млрд сом каражат түштү, бул пландаштырылгандан 943,7 млн сомго көп болду. 2015-жылга салыштырмалуу өсүш 2471,0 млн сомду, же 10,3%ды түздү.

Өткөн жылы социалдык секторго кеткен республикалык бюджеттин чыгашаларынын салыштырма салмагы 53,5% же 73,1 млрд сомду түздү.

Отчёттук мезгилде мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөп берүүгө республикалык бюджеттен 5,4 млрд сом жумшалды, бул 2015-жылга салыштырмалуу 10,3%га көптүк кылат.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча ымыркайлардын өлүмү 1000 төрөлгөн балага 16,6 учурду түздү. Балдардын өлүмү 8%га азайды.

Энелердин өлүмү республикада 2016-жылы – 2015-жылга салыштырмалуу 29,9%га төмөндөдү.

2016-жылы 77 мектеп ишке киргизилди. 2017-жылга Өкмөт өзүнүн алдына курулушу башталган мектептерди (192) аягына чыгаруу милдети коюлду.

3төн 5 жашка чейинки балдарды мектепке чейинки билим берүүгө тартуу 2,2%га өсүп, 2016-жылы 22,1%ды түздү. 5-6 жаштагы балдарды мектепке даярдоого тартуу – 2015-жылга салыштырмалуу 30 миңден ашык балага көбүрөөк тартылды.

Мектеп мугалимдеринин орточо реалдуу айлык акысы айына 13 824 сомго чыкты. Бул өлкө боюнча реалдуу орточо айлык акыга биринчи жолу жакындады деп айтсак болот.

Бюджеттик чөйрөдө иштеген кызматкерлердин айлык маянасы өткөн жылы 2015-жылга салыштырмалуу 10,8%га өсүп, 11791 сомду түздү. Мунун ичинде мамлекеттик башкаруу органдарынын кызматкерлеринин реалдуу эмгек акысынын өсүү темпи 105,5% болду.

Азыркы учурда Өкмөт маданият тармагында иштеген кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатуу боюнча маселени караштырып жатат.

Валюталык термелүүлөр мезгилинде  калкты колдоо максатында мурда берилген кредиттерди рефинансылоо жана Жеткиликтүү турак жай программасын каржылоо иштери жүргүзүлдү. Бул Программанын алкагында 886 адамга 1 млрд сомдон ашык ипотекалык кредит берилди. Проценттик ставкалар 14%дан 10%га чейин түшүрүлдү.

2016-жылы элдин миграциясы 3,9 миң адамга жетти, бул 2015-жылга караганда 7,2%га азайды.

Эмгек мигранттары 2016-жылдын аягында 757 миң адамга жетти.

ЕврАзЭСтин алкагында бир катар преференциялардын күчүнө кириши менен бул өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарыбыздын  укуктук абалы жакшырды. Кыргызстандын жарандарынын укуктары социалдык жана медициналык чөйрөдө коргоого алынды. Пенсия алуу маселелери да караштырылып жатат.

 

Эң башкысы, Өкмөт бюджеттин корголгон беренелери боюнча каржылоону 100%га аткарды (айлык акы, Соцфонд төгүмдөрү, медикаменттер, тамактануу, жөлөкпулдар, стипендиялар).

Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу Кыргыз Өкмөтүнүн башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат.

2016-жылы  республика боюнча 27 481 кылмыш иши катталып, 2015-жылга салыштырмалуу 5,5%га аз болду.

Өлкөнүн укук коргоо органдарында реформалар башталды. Бири-биринин кайталаган функцияларды кыскартуу максатында Өкмөткө караштуу баңги затты контролдоо боюнча атайын кызматты жойдук.

Ички иштер органдарынын структурасында 6 кызмат түзүлдү. Анын ичинде экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызмат да бар.

ИИМдин кызматкерлери тарабынан ишкердик субъекттердин ишин текшерүүгө тыюу салынды.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоо маселелерин чечүү боюнча Өкмөт бир катар чараларды көрүүдө. Алсак, 2016-жылы аларга 420 үй берилди. Ушул жылдан баштап бардык кызматкерлерге жана пенсияларды эсептөөдө пайковый каражаттарды берүү маселеси чечилди.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында Өкмөт Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши менен биргеликте мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча ведомстволордун деталдуу планын ишке ашырып жатат.

Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо органдары тарабынан 2016-жылы кызматтык, экономикалык жана башка аралаш кылмыштар боюнча 1239 кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иштери боюнча жалпысынан мамлекеттик бюджеттин кирешесине 3 млрд сом каражат түшүрүлгөн. Бул 2015-жылга салыштырмалуу эки эсеге көптүк кылат.

Өткөн жылы биз коңшу өлкөлөр менен чек араларды делимитация жана демаркация боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирдик.

Өзбекстан менен болгон 1379 км узундуктагы чек арабыздын 1055 км такталып, кыргыз-өзбек чек ара сызыгынын өтүшүнүн долбоору жазылды. Ал эми Тажикстан менен чек арабыздын 970 километринин ичинен 519 км такталып жазылды. Бул участоктор боюнча келишимдердин долбоорлорун даярдоо иштери жүрүп жатат. Калган участоктор боюнча мамлекеттер ортосундагы Өкмөттүк комиссиялар биргелешип тиешелүү тактоо, талаа-изилдөө иштерин жүргүзүү ж.б. макулдашуу иштерин улантууда.

Казакстан менен мамлекеттик чек арадагы демилитация жана демаркациялоо процесси толугу менен аягына чыкты.

Урматтуу депутаттар!

Бюджеттик кирешелеринин түшпөй калууларына карабастан, бизнести өнүктүрүү үчүн жана ЕврАзЭСтин алкагында ишканаларыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу максатында биз фискалдык режимди либералдаштырууну уланттык.

Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо жана товарлардын мыйзамсыз жол менен ташылып келишине каршы күрөшүү максатында контролдук баалардын минималдуу деңгээли киргизилди. Ошондой эле онлайн режимде маалыматтарды өткөрүп берип туруучу контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизми ишке киргизилип жатат.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары ушул жылы Өкмөт лицензия-уруксат берүү системасын оптималдаштыруу, анын ичинде лицензия берүүнүн автоматташтырылган системасын киргизүү боюнча иштерди улантат.

“Жөнгө салуучу тутумдук талдоо" долбоорунун алкагында ишкердикти жөнгө салуучу 1068 ченемдик-укуктук актылар талдоого алынды. 2016-жылы 496 нормативдик документке жана 255 административдик процедурага сунуштар берилди.

Бул сунуштардын баары мыйзамдардагы коллизияларды, кайталоолорду жана карама-каршылыктарды, коррупциялык схемаларды жок кылууга, ошондой эле айрым ченемдерди оптималдаштырууга багытталган.

Бизнестеги башкы көйгөйлөрдүн бири финансы менен камсыз болушу эсептелет. Өкмөт бул багытта төмөнкү иштерди пландуу түрдө алып барып жатат:

- “Кепилдик фонд” ачык акционердик коому  282 млн сом капиталы менен түзүлдү, бүгүнкү күндө жалпы суммасы 17,7 млн сомдук 19 долбоорго кепилдик берилди;

- “ФСХ-4” долбоорунун алкагында 4,8 млрд сомго 13 245 кредит берилди. 2015-жылга караганда жеңилдетилген кредиттердин өсүшү 26,3%ды түздү.

         Белгилеп кетчү жагдай, биз быйыл “ФСХ-5” долбоорун бекиттик. Бул 7 млрд сом каражатына жеңилдетилген кредиттерди бөлүп берүүгө мүмкүндүк берет.

         Мындан тышкары биз экспортко чыгарылуучу, кайра иштетүүчү айыл чарба өндүрүштөрүнө пайыздык ставкаларды 6%га чейин түшүрдүк.

         - 2017-2019-жылдарга инвестицияларды жылдыруунун орточо мөөнөттүү программасы кабыл алынууда;

         - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын долбоорлорун даярдоо жана ишке ашыруу жандандырылууда.

         2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Россиядан бөлүнгөн 500 млн доллардын ичинен жалпы суммасы 202 млн долларга жеткен 647 долбоор жактырылды.

ЕврАзЭСтин алкагында жаңы рыноктордун бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануу максатында Текстиль-тигүү өндүрүшү үчүн “Технополис” долбоорун ишке киргизүү боюнча иштер улантылат. Отчёттук жыл ичинде биз Военно-Антоновка айылынан жер бөлүп берүү башкы маселесин чечтик.

Мындан сырткары Өкмөт тарабынан 2017-2021-жылдарга  Кыргыз Республикасында пахта тармагын өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынды.

 Бул багытты колдоо үчүн төмөнкүдөй долбоорлор ишке ашырыла баштады:

- Токмокто “Текстиль-Транс” ишканасы ишке киргизилди;

- Кара-Балта шаарында 35 млн АКШ долларлык Деңиз-текстиль фабрикасынын курулушу башталды.

Өкмөт кант-кызылча тармагын өнүктүрүүнүн Стратегиясын иштеп жатат. Азыркы учурда темир жол аркылуу кызылчаларды заводдорго ташып жеткирүүдө 20% жеңилдик берүү жагы караштырылды. Мындан тышкары Россия-Кыргыз өнүгүү фонду “Кошой” кант заводун (10 млн долл) жана “Кайыңды-Кант” ишканасын (5,5 млн долл) колдоо маселесин жактырды. Бул маселенин чечилиши менен өлкөбүз кант менен толук камсыз болот.

2016-жылы инвестицияларды тартуу жана экспортту жылдыруу боюнча бирдиктүү институт түзүлдү. Буга байланыштуу ушул жылы Экспортту өнүктүрүү программасы жандандырылды.

Өткөн жылы агроөнөр жай комплексинде башкаруу системасын модернизациялоо иштери башталды.

Биздин өлкөнүн ветеринардык контролунун эквиваленттүү системасын ЕврАзЭС өлкөлөрүндө таанылышын камсыз кылуу максатында Биримдиктин талаптарына жана сапат боюнча эл аралык сертификациялоо стандарттарына туура келген заманбап лабораториялардын комплексин түзүү боюнча иштер улантылат. Ошондой эле ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттардын берилишин көзөмөлдөө боюнча маалыматтык система ишке киргизилет.

Бүгүнкү күндө 4 өткөрүү пункту: «Манас», «Ош», «Торугарт», «Эркеч-Там» өткөрүү пункттары жана 7 ветеринардык-контролдук пункт: «Кара-Суу» темир жолундагы, «Манас», «Ош» аэропортторундагы пункттар жана «Торугарт», «Эркеч-Там», «Достук», «Кызыл-Бел», пункттары жабдылды.

Кошумча 6 өткөрүү пункту мамлекеттик бюджеттин эсебинен ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт (анын ичинде: (“Ак-Тилек”, “Токмок-Автодорожный”, “Кең-Булуң”, “Ак-жол”, “Чалдовар”, “Чоң-Капка” пункттары бар).

Ошондой эле көп жылдардан бери биринчи жолу 2016-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен Талас, Баткен, Каракол, Балыкчы шаарларында 4 жаңы ветеринардык жана 3 фитосанитардык лаборатория салына баштады, ошондой эле 13 лаборатория ремонттон өткөрүлөт. Булар менен катар малды идентификациялоо иштери активдүү жүргүзүлүп жатат.

Булардын бардыгы кыргыз-казак чек арасында ветеринардык контролду таптакыр алып салууга жардам берет.

Өсүмдүктөрдөн алынган продукциялардын бардыгын экспорттоого болот, аларга эч кандай чектөөлөр жок.

Бирдиктүү бажы тарифтери боюнча алып салуу тизмегин Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу секторлор боюнча кеңейтүү жагы даярдалды. Жакынкы күндөрү ЕЭКтин кароосуна жөнөтүлөт (742 товар боюнча, анын ичинде Бишкек СЭЗден чыккан продукциялар дагы бар)

Евросоюздун “ВСП+” статусуна ээ болушубуз да – бизден сапат инфраструктурасын киргизүүнү талап кылууда.

Буга байланыштуу 2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын улуттук сапат инфраструктурасын өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу Планы иштелип чыгууда.

2017-жылдын 12-августунан тартып күчүнө кире турган ЕврАзЭСтин 18 техникалык регламенти жана экспорттолуучу продукцияларды стандартташтыруу жана сертификациялоо боюнча маалыматтык иштери жүргүзүлүп жатат.

Муну менен катар улуттук мыйзамдардын алкагында алынган ылайык келүү жөнүндөгү документ 2 жылга чейин жарактуу болуп саналат. Ошондой эле ушул дата менен чыгарылган продукцияларды жарактуулук мөөнөтү бүткөнгө чейин сатууда болот.

Айыл чарба тармагында тамчылатып сугаруу технологияларын киргизүүгө колдоо көрсөтүлдү. Республика боюнча 300 жаңы күнөскананын курулушу жана ишке кириши камсыз болду. Ошондой эле мал союучу жана этти кайра иштетүүчү 10 заманбап ишкананын курулушу башталды.

2020-жылга чейин Машина-трактордук станцияларды түзүү боюнча Программа бекитилип, ишке ашырыла баштады. 2016-жылы республика боюнча 32 жаңы МТС жана техсервистер ачылды. Лизингге жалпы суммасы 376,7 млн сом өлчөмүндө 259 техника берилди.

2017-2026-жылдарга Кыргызстандын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоору иштелип чыкты, жакында кабыл алабыз.

Айылдарды таза суу жана саркынды суулар системасы менен камсыз кылуу максатында өткөн жылы 2026-жылга чейин Кыргызстандын айылдарын ичүүчү суу жана саркынды суулар системасын өнүктүрүүнүн Стратегиясы кабыл алынды.

Стратегияны ишке ашыруу Планына ылайык 2026-жылга чейин республика боюнча 657 айылдын жана 22 шаардын, ошондой эле 26 райондун борборундагы суу курулмалары менен канализация системалары оңдолот жана салынат.

Европанын реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен биргеликте 11 шаар боюнча 14 долбоор жактырылды. Анын ичинде Кара-Балта, Токмок, Майлы-Суу, Өзгөн, Токтогул, Балыкчы ж.б. шаарларынын долбоорлору бар.

Башка эл аралык өнөктөштөр менен бирге ушундай эле иштер Стратегияда каралган объекттердин керектөөсүн канааттандыруу үчүн жүргүзүлүп жатат.

Азыркы учурда донорлордун эсебинен 2016-жылдан баштап Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк,  Ислам өнүктүрүү банкы  тарабынан 21,1 млрд сом каражат тартылды жана тартуу уланып жатат.

Өткөн жылы саясий жана эл аралык масштабдагы социалдык-маданий иш-чаралар көп өткөрүлдү. СНГ, ШОС, ОДКБ, ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын саммиттери жогорку деңгээлде уюштурулду. Ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өткөрүлдү. Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленди.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду биометрикалык маалыматтарды колдонуунун негизинде ийгиликтүү өткөрө алдык.

Урматтуу депутаттар!

Мамлекеттик башкаруу системасында ички каршылыктарга жана интеграциялык процесстерге байланыштуу тышкы кооптонууларга карабастан, өткөн жылы биз мамлекеттик башкаруу структураларын оптималдаштыруу ишин баштадык.

Анын алкагында биз облустардагы бирин-бири кайталаган, ошондой райондон министрликтерге жана ведомстволорго өткөрүп берүү функциялары менен гана чектелген бир катар түзүмдүк бөлүмдөрдү жойдук.

Бул 8 министрликтин жана 6 административдик ведомствонун башкаруу структурасын оптималдаштырууга алып келди.

Өткөн жылы биз мамлекеттик кызматтарды автоматташтырууга басым жасадык.

Бул маселени активдештирүү максатында 2016-жылы  атайын өзүнчө мамлекеттик органды түзүү чечими кабыл алынган (Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети).

Функционалдык анализдин базасында ведомстволор ортосунда “Түндүк” электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн порталы иштелип чыгып, ишке киргизилүүдө. Азыр анын айрым элементтери тестирлөөдөн өткөрүлүп жатат.

Азыркы учурда аны толук кандуу ишке киргизүү үчүн укуктук-ченемдик базаны камсыз кылышыбыз керек.

Мамлекеттик ишканалардын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу жана эффективдүү башкаруу максатында мамлекеттик ишканаларды оптималдаштыруу иштери жүргүзүлдү. 1130 мамлекеттик ишкананы анализдеп чыктык. Анын жыйынтыгы боюнча 2016-жылы 118 ишкана жоюлду, 81 мекеме кайрадан түзүлдү жана 19 мамлекеттик ишкана башкаларга кошулду.

Өкмөт тарабынан мамлекеттик менчикти башкаруу системасында өзгөртүүлөр башталды. ”Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүнүн бирдиктүү реестри” түзүлдү.

2017-жылдын аягына чейин Өкмөт мамлекеттик мүлктү толугу менен инвентаризациялоо ишин аягына чыгарууну көздөп жатат.

“Коопсуз шаар” долбоору боюнча соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин Өкмөт бул долбоорду активдүү ишке ашырууну колго алат. Муну менен бирге азыркы учурда видео жана фото аркылуу байкоочу программалык-аппараттык комплекстерди Бишкек жана Ош шаарларында өз каражаттарынын негизинде киргизүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Өткөн жылы Өкмөт тарабынан региондорду өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынды. Анда шаарлар өсүү точкаларына жана региондордун экономикалык өнүгүүсүнүн локомотивине айланат.

Орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү перспективада региондорду адистештирүү пландаштырылууда. Анда тиешелүү өндүрүштүк, айыл чарба жана логистикалык инфраструктураларды, ошондой эле кластерлерди түзүү аркылуу өнүктүрүү каралып жатат.

Аталган Концепция өнөр жайды жана энергетиканы өнүктүрүү Концепцияларын кабыл алууга негиз болот.

Мындан тышкары Россия-Кыргыз өнүгүү фонду менен биргеликте индустриализация программасын ишке ашыруунун алкагында региондордо айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү керектүү ишканаларды жайгаштыруу боюнча долбоорлор ишке ашырылат.

Аталган стратегиялык документтер 2017-жылга пландаштырылган 3,5%дык экономикалык өсүштү камсыз кылууга багытталган. ЕЭКтин баалоосу боюнча бул көрсөткүчтөр ЕврАзЭС мейкиндигинде салыштырмалуу жогорку көрсөткүчтөр болуп саналат.

Мына, 2017-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшү 7,8%га чыкты. Эсиңиздерде болсо, өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 6,4%га төмөндөгөн эле.

 

Урматтуу депутаттар!

Жалпы мамлекеттик стратегиялык программаларды ишке ашыруу тажрыйбасын эске алуу менен биз өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүүсүн белгилеп кетишибиз керек.

Орто мөөнөттүү стратегияда биз ресурстарды чачыранды кылбай, ар бир артыкчылыкка карап, алардын ишке ашырылышына токтолушубуз зарыл.

Биз мөөнөттөрүн, ресурстарын жана жоопкерчилигин так аныктап, реалдуу ишке аша турган максаттарды алдыбызга коюшубуз керек.

Биздин жалпы максатыбыз – элдин жашоосуна жана инвестицияларга ачык, эркин, бейпил жана коопсуз Кыргызстанды куруу.

Улуу Жибек жолунун салтын сактоо менен Кыргызстан аба мейкиндигиндеги, автомобилдик жана темир жол транспорттук коридорлору аркылуу өтүүчү өлкөнүн транзиттик потенциалын ачкан долбоорлор боюнча иштерди улантат.

Санариптик технологиялар кылымында Кыргызстан эл аралык байланыштарды да бириктирген маалыматтык-коммуникативдүү мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсүнө айланышы керек.

Өлкөнүн өнүгүшү жана адамдын инсан катары өсүшү бири-биринен ажырагыс нерсе. Адамдар Кыргыз Республикасынын эң баалуу социалдык капиталы болуп саналат!

Ошондуктан мамлекет өз убагында жана толук көлөмдө өзүнүн социалдык милдеттерин камсыз кылууга милдеттүү. Анын ичине жеткиликтүү саламаттык сактоо, сапаттуу билим берүү жана эффективдүү социалдык коргоолор кирет.

Ал үчүн биз күчтүү жана туруктуу экономиканы курушубуз керек.

Коюлган максаттарга ийгиликтүү жетишүү үчүн ачык жана так процедуралар, заманбап технологиялар жана компетенттүү кадрларга негизделген мамлекеттик башкаруунун эффективдүү системасы зарыл.

Максаттарды коюу стадиясында гана эмес, аларды ишке ашырууда бийликтин бардык бутактарын жана элдин күчүн бириктирүү – фундаменталдуу шарттардын бири болуп саналат. Өлкөнүн ар бир жараны мамлекеттин тагдырына “өзүбүздүн менчик” деген сезим менен күйүп-бышышы керек.

Биз өзүбүздүн тарыхыбызды жана салтыбызды эсибизде бекем тутуп, маданиятыбызга жана баалуулуктарыбызга таянуу менен өзүбүздүн идеологиябызды “кыргызстандык” деген образды жаратканыбыз туура болот.

Урматтуу депутаттар!

Өлкөнү өнүктүрүүдөгү жалпы артыкчылыктар – Өкмөттүн же кайсы бир партиянын программасында турганына карабайт. Биз баарыбыз күч-аракеттерибизди бириктирүү менен гана коюлган максаттарга жете алабыз.

Өтчёттук жыл ичинде Кыргыз Өкмөтү өлкөнүн экономикалык кырдаалын туруктуу кармап тура алды. Бул өлкөнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетүүсү үчүн негиз болуп берет.

Быйыл дагы бул иштерди андан ары улантабыз.

Буга байланыштуу Өкмөттүн 2016-жылдагы отчётун колдоп берүүңүздөрдү суранам.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү