26

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Биздин алдыбызда мезгил талабына жараша туризм тармагын өнүктүрүү маселеси курч бойдон турат»

Бүгүн, 25 майда, Өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, алдыда мезгил талабына жараша туризм тармагын өнүктүрүү боюнча курч маселе турат.

Жыйында 2016-жылкы туристтик сезонго карата мамлекеттик органдардын даярдыгы тууралуу талкуу болду.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары Кыргызстан дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында туристтерди өзүнө тартуучу өлкө катары алдыңкы рейтингде келе жатканын белгиледи.

«Мындай ийгиликке өлкөдөгү ажайып жаратылышыбыз аркылуу жеткенибиз талашсыз. Бирок бийлик өкүлдөрү тарабынан туристтик тармакты өнүктүрүүгө жетишээрлик көңүл бурулбай жатат. Индустрия жана тейлөө тармагы аксап жатканы жашыруун эмес. Ар бир облуста туристтерди тарта турган мыкты жерлер көп болгондуктан, облус жетекчилери туристтик тармактарды жакшыртуу үчүн тутумдуу түрдө иш алып барышы керек. Эс алуучу жайлар бардык керектүү шарттар менен камсыз болууга тийиш», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйында «2016-жылкы туристтик сезонго карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн даярдыктары тууралуу маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов берди. Министрдин билдиришинче, быйыл жалпысынан 23 каттам боюнча автобустар жүрөт. Эл аралык каттамдар Омск – Чолпон-Ата; Чолпон – Ата – Алматы; Каракол – Алматы багыты боюнча иш алып барат. 2016-жылдын 1-июлунан баштап, 28-августка чейин жумасына эки жолу Ош – Ысык-Көл – Ош аба каттамы жүрөт. Мындан сырткары Россия жана Казакстандан «Ысык-Көл» аэропортуна карай аба каттамдарын ачуу пландалууда. Быйылкы сезондо Астана – Тамчы – Астана, Чимкент – Тамчы – Чимкент багыты боюнча аба каттамы ишке кирет.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү