26
Апрель
2016
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Буга чейин иштелип чыккан пландарды инвентаризациялап, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аткаруу бийлигинин 2015-жылдагы Бишкек жана Ош шаарларынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу боюнча маалымат берип жатып, экономика министри Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аткаруу бийлигинин 2015-жылдагы Бишкек жана Ош шаарларынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо боюнча маалымат бир жылда эки ирет өткөрүлүп турарын маалымдады.
«2015-жылдын жыйынтыгы боюнча көпчүлүк мамлекеттик органдар өз тармактарын жакшыртуу боюнча керектүү чараларды көргөндүгү байкалып, өткөн жылы алдыга жылуу тепкичинде жакшы жыйынтыктарды көрсөтө алды. Оң натыйжалуулукту сактап калууда, министрликтер менен ведомстволор Кыргыз Республикасынын улуттук программасынын алкагында тийиштүү тармактарда ишти күчөтүүсү керек. Аткаруу бийлигинин жетекчилери калктын ишеним артуусу боюнча индексти анализдеп, ага тоскоол болгон учурларга өзгөртүүлөрдү киргизүүсү зарыл. 2015-жылдагы тажрыйба көрсөткөндөй, өткөн жылы айрым тармактарда толук кандуу иштөөгө тоскоолдуктарды жараткан фактылар болду. Көпчүлүк министрликтер менен ведомстволордо, баа берүү тутумуна түшүнбөстүк сакталып калууда», - деди Арзыбек Кожошев.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жалпысынан мамлекеттик органдардын ишин оң баалап, анткен менен кээ бир ведомстволор өз милдеттерин так аткарбай жаткандыгын билдирди.
«Бүгүнкү күндө Өкмөттүн жана жергиликтүү органдардын алдында көп тапшырмалар турат. Эл социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшыруусун күтүп жатат. Ошондуктан ар бир жетекчи өзүнө жүктөлгөн милдетти аткарууда жеке жоопкерчиликти алат. Азыркы тапта түзүлгөн пландардын бардыгын кайрадан карап чыгуу керек. Биз аларга Жогорку Кеңештин депутаттарынын айткан пикирлерин эске алуу менен улуттук долбоорлорду ишке ашырууга басым жасашыбыз керек. Бизден калк баасын бере турган эффективдүү жумуш талап кылынат», - деп жыйынтыктады сөзүн Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү