02
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ислам кызматташуу уюмунун баш катчысы Ияд бин Амин Мадани менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Ислам кызматташуу уюмунун (ИКУ) баш катчысы Ияд бин Амин Мадани менен жолукту. ИКУ баш катчысы Ияд бин Амин Мадани иш сапарынын негизги максаты мындан аркы кызматташуулардын приоритеттүү багыттарын талкуулоо экендигин билдирди.
«Биз Кыргызстандын ИКУ мүчө экендигине өзгөчө маани беребиз. Кыргызстан - тарыхы бай, демократияны алга жылдырууда тажрыйбасы бар, мындан аркы кызматташууга мүмкүнчүлүгү кенен өлкө. Биз сүйлөшүлгөн багыттар боюнча колдоо көрсөтүүгө даярбыз», - деди ИКУ баш катчысы.
Ияд бин Амин Мадани кыргыз тарапты ИКУ инвестициялык форумуна катышууга чакырды. Ал жактан атамекендик ишкерлер өз долбоорлорун сунуштоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ИКУ курамындагы мамлекеттер арасында экономикалык, илимий жана маданий багытта бирге өнүгүүгө жакшы шарт түзөрүн билдирди.
Өкмөт башчысы ИКУ инвестициялык форумуна катышууга чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстан мындай мүмкүнчүлүктү эффективдүү пайдаланып, ИКУ өлкөлөр арасында жаңы иштиктүү байланыштарды бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи. Жолугушууда ИКУ бөлүмдүк түзүмдөрүнүн жетекчилери жана Ислам Өнүктүрүү Банкынын өкүлдөрү катышты.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү