23

Сентябрь

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Төмөндө Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун куттуктоо текстин келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм.

Эне тилибиз - ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурас.

Кыргыз тилин коомубуздагы улуттар аралык ынтымакты чыңдоонун куралы катары кабыл алуубуз зарыл. Кыргыз Өкмөтү мамлекеттик тилди толук, кеңири колдонууга жетишүү, аны улуттар аралык карым-катнаштын тилине айлантуу милдетине өзгөчө көңүл бурууда.

Өлкөбүздөгү баардык улуттар үчүн кыргыз тили жана маданияты ынтымактын, биримдиктин каражаты болуп, «Кыргызстан-менин мекеним!» деген аруу сезим ар бир Кыргызстандыктын жүрөгүндө жашай берсин. Кыргыз тилинин келечеги кең, түбөлүгү түз болсун!».

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү