01

Июль

2017

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Премьер-министрдин куттуктоосу:

«Урматтуу Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлери!

Сиздерди Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кесиптик майрамыңыздар – Салык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Салык кызматы Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өзгөчө ролду аткарат. Бир жагынан салык саясатын ишке ашыруу аркылуу  экономиканын өнүгүшүнө таасир этет жана экинчиси - өлкөнүн бюджетин түзүүчү башкы орган катары социалдык маселелердин чечилишин каржылоону камсыз кылат.

Азыркы учурда Салык кызматы салык мыйзамдарынын сакталышы, салык системасындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу боюнча жакшы ийгиликтерди жаратууда. Бүгүн өлкөдө салыктык башкаруу процесстери автоматташтырылды, салык отчётторун электрондук түрдө тапшыруу системасы, салыктарды төлөөнүн инновациялык методдору, маалыматтарды онлайн режиминде жөнөтүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналар ишке киргизилди.

Мамлекеттик бюджеттин кирешесин камсыз кылып, бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, салыктарды башкаруунун деңгээлин жана сапатын жогорулатууда, салык системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууда салык тармагынын кесипкөй кызматкерлери жоопкерчилик менен иш алып барууда.

Урматтуу салык кызматкерлери!

Мамлекеттик кызматтын чоң жоопкерчилигин ак ниеттүүлүк менен аткарып, өлкөбүздүн саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон жогорку кесипкөй кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт,  жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».

 [su_carousel source="media: 98498" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 98380,98378,98377,98376" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 97752,97745" limit="100" link="image" title="no"] [su_carousel source="media: 97146,97147,97148,97149,97150,97151,97152,97153,97154,97155,97156,97157,97158,97159,97160,97161,97162,97163,97164" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96799,96798,96792,96785,96784,96791,96790,96789,96788,96787,96786,96793,96794,96795,96796,96797" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96592,96593,96594,96595" limit="100" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96254,96253,96252,96251,96250,96249,96248,96247,96246,96245,96244,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96215,96214,96213,96212,96211,96210,96209,96208,96207,96206,96205,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96162,96161,96160,96159,96158,96157,96156,96126,96125,96124,96123,96122,96121,96120,96119,96118,96117,96116,96115,96114,96113,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96075,96074,96054,96053,96052,96051,96050,96049,96048,96047,96046" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 96046,96047,96048,96049,96050,96051,96052,96053,96054,96074,96075,96112,96111,96110,96109,96108,96107,96080,96079,96078,96077,96076,96113,96114,96115,96116,96117,96118,96119,96120,96121,96122,96123,96135,96136,96134,96133,96132,96131,96130,96129,96126,96125,96124,96137,96138,96139,96156,96140,96157,96158,96159,96160,96161,96162,96201,96200,96199,96198,96197,96196,96167,96166,96165,96164,96163,96205,96206,96207,96208,96209,96210,96211,96212,96213,96214,96215,96243,96242,96241,96240,96238,96237,96236,96235,96218,96217,96216,96244,96245,96246,96247,96248,96249,96250,96251,96252,96253,96254" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95884,95885,95886,95887,95888,95889,95890,95891,95892,95893,95894,95895,95896,95897,95898,95899,95900,95901,95902" limit="60" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 95207,95208,95209,95210,95211,95212" limit="60" link="image" title="no"][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү