25
Июнь
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо борборун реконструкциялоо иши менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Ош облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо борборунун реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты.
Премьер-министр калкты ветеринардык жана фитосанитардык лабороториялар менен камсыздоо аркылуу дыйкан-фермерлер жана жергиликтүү ишкерлер өндүргөн продукциялардын сапатына кепилдик берилип, Евразиядык экономикалык биримдиктин курамындагы мсамлекеттерге тоскоолдуксуз экспорттого шарт түзүлөөрүн өске салды.
Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусунда республика бир катар милдетенмелерди кабыл алган. Анын бири – эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын курулушу. Өткөн жумада Премьер-министрдин жетекчилиги астында өткөн жумушчу кеңешмеде облустарда ветеринардык жана фитосанитардык лабороторияларды куруу, оңдоо боюнча иштин 1-этабынын алкагында аткарылып жаткан иштер талкууланган.
Анда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек жана Ош шаарындагы ветеринардык дарт аныктоо борборлорун реконструкциялоо ишин тездетүү тапшырмасын берген.
Ага ылайык, аймактык төрт ветеринардык лабораториянын курулушуна 37,3 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле реконструкциялоонун биринчи этабына, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы карантиндик фитосанитардык лабораторияларды жабдуулар менен камсыздоо жана кызматкерлерди окутууга 26 млн сом багытталат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү