02
Май
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравия Королдугунун Кыргызстандагы элчиси Абдурахман Аль-Жуманы кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-майда, Сауд Аравия Королдугунун Кыргыз Республикасындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Абдурахман Аль-Жуманы кабыл алды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн кызматташтыгында элчинин кошкон салымы зор экенин баса белгиледи. Өкмөт башчы Сауд Аравиянын Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорго активдүү катышуусун жогору баалады.
Өкмөт башчы Кыргызстан менен Сауд Аравиянын кызматташтыгы көп жылдан бери түптөлүп калганын, мындан ары кызматташтыкты позитивдүү жагдайда дагы да болсо бекемдей турганына ишеним артаарын билдирди.
Элчи Абдурахман Аль-Жума Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун берген жогорку баасына ыраазычылык билдирип, мындан ары эки өлкөнүн тыгыз кызматташтыгы үчүн болгон аракетин жумшаарын айтып өттү.
«Кызматташуу жылдарында биздин өлкөлөр дайыма бирдиктүү колдоо жана түшүнүү менен мамилени чыңдап келе жатат. Эки өлкөнүн башчылары тараптардын түрдүү багытта кызматташтыгын арттыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берди», - деди ал.
Жолугушуунун жүрүшүндө Абдурахман Аль-Жума ушул жылы жогорку деңгээлдеги иш сапарлар пландалганын, мындай жолугушуулар эки өлкө ортосундагы буга чейинки пландардын ишке ашуусуна өбөлгө болорун кошумчалады.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү