26

Май

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн мамлекеттик программасын талкуулоонун жыйынтыгында бир катар тапшырмаларды берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-майда, Өкмөттүн жыйынында Кыргыз Республикасынын 2011-2015-жылдары суу чарба объекттерин куруунун жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүнүн мамлекеттик программасын талкуулоонун жыйынтыгында бир катар тапшырмаларды берди. Талкуунун жүрүшүндө мамлекеттик программаны аткарууда КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен КР Финансы министрлиги жетишээрлик деңгээлде иш алып бара албагандыгы айтылды. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен биргеликте бир айлык мөөнөт ичинде мамлекеттик программанын аткарылышынын төмөнкү деңгээлинин себептерин талдоо, адекваттуу тартип чараларын колдонуу боюнча сунуштарды киргизүү менен тийиштүү мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын жоокерчилигин аныктоо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары төмөнкү тапшырмалар коюлду: Кыргыз Республикасынын облустардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бир айлык мөөнөттүн ичинде тийиштүү аймактарда суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү боюнча жекече конкреттүү сунуштарды иштеп чыксын; КР Экономика министрлиги Өкмөттүн Аппараты менен биргеликте 1-августка чейинки мөөнөттө: -тармактар боюнча аткаруудагы программалардын аткарылыш сапатын жана деңгээлин  көз карандысыз эксперттерди тартуу менен анализдөө жана мониторинг жүргүзүүсү; - талдоонун негизинде аракеттеги программалык документтерге сапаттуу мониторингди уюштуруунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуусу; КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине: -2016-жыл үчүн каралган бардык суу чарба объекттери боюнча долбоордук жана курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу өткөрүүнү камсыз кылуу тапшырмалары берилди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү