28

Апрель

2016

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: «Жакынкы убакытта заманбап ветеринардык жана фитосанитардык лабороториялар курулат»

Бул тууралуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында  2015-жылдагы Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы  туралуу отчет берип жатып билдирди.

Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында эки лаборотория бар экенин эске салды.

Премьер-министр  Өкмөт жаңы фитосанитардык жана ветеринардык лабороторияларды куруу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын,  Евразиялык экономикалык бирликке мүчө мамлекеттердин рыногуна, атамекендик продукцияларды экспорттоодо сапаты жагынан талапка жооп бериши зарылдыгын билдирди.

Буга байланыштуу кошумча лабороторияларды салууга каражат каралып жатканы  белгиленди. Алынган маалыматтар боюнча, бир ветеринардык лабороторияны салуу үчүн 9 млн сом талап кылынат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү