31

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев: «Сырткан келген инвесторлорго толук шарттар бар»

Бул тууралуу, бүгүн, 31-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кеңеште өткөн жыйында билдирди. Анда депутаттар, жакында эле Чехиядан келген делегация Кыргызстанда орто жана чакан ГЭСтерди курууга кызыкдар экенин айтып, бул багыттагы  эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына кызыгышты. Сырттан келген инвесторлордун чакан ГЭС тармагына кызыгып жатышынын себебин Өкмөт башчы: «Анткени биз тариф саясатын бекитип бердик. Аны менен катар Өкмөт өзүнө милдеттеме алды. Эгерде алар ГЭСти куруп ишке киргизсе, биз алар өндүргөн электр энергияны сатып алабыз. Ошондо инвесторлордун ишинде шарт түзүлүп, короткон каражатын чыгарып алууга жана пайда көрүүгө толук мүмкүндүк болот. Муну менен инвесторлордун бизге болгон ишеними артат»,-деди Темир Сариев. 2015-жылы инвесторлордун келиши мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсеге көп болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында  ички экономикалык абал тууралуу да сөз болду. Былтыр республика боюнча 639 жаңы ишкана ачылган. Муну менен миңдеген жарандар жумуш менен камсыз болушту. 2016-жылы республика боюнча ар бир район өздөрүндө, ондон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасын ишке ашыруу менен алектенишет. Мындай аракет менен калктын социалдык турмушун жакшыртып, ички миграция агымын азайтууга шарт  түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү