31
Март
2016
Премьер-министр Темир Сариев: «Азык-түлүктөрдү сыртка экспорттоодо көлөм жетиштүү болушу керек»
Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кеңеште жыйында билдирди.
Жыйында бир катар депутаттардын экономикалык багытта берилген суроолоруна өкмөт мүчөлөрү толук кандуу жооп беришти. Анда азык-түлүктөрдүн сапаты, эл аралык нормага жооп бериши жана сыртка экспорттоо тууралуу маселелер айтылды.
«Экспортко чыгаруу үчүн ошол товарды өндүрүш керек. Ал үчүн көлөм керек болуп жатат. Бизде бирдиктүү стандарттар жетишсиз. Ошондуктан биз товарлардын көлөмүн арттыруу боюнча аракеттенип жатабыз. Өлкөдө көбүнчө жеке тармактар боюнча гана азык-түлүктөр өндүрүлүп, көлөмдүү өндүрүм аз болуп жатат»-деди Темир Сариев.
Белгилей кетсек, Өкмөт тарабынан жогорку экспорттук потенциалы бар приоритеттүү тармактар аныкталган. (туризм; тигүү тармактары, эт азыктары, жашылча-жемиш, сүт жана сүт азыктары, бөтөлкөдөгү суу) 28 аккредитациядан өткөн лаборатория ачылда жана сертификациялоо боюнча 5 орган ЕАЭСтин бирдиктүү реестрине киргизилген. Ал эми кыргыз-казак чек арасында бажы, санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алып салынды. ЕАЭБдин алкагында 35 техникалык регламент күчүнө кирген. Кыргызстан Европа Союзунун ВСП+ статусун алган.
«Мындан ары азык-түлүктөрдү сыртка чыгарууда өндүрүмдүүлүктүн көлөмүн арттырууга басым жасалат. Бул тез эле ишке аша калбайт»- деди Премьер-министр.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү