13
Июнь
Премьер-министр Темир Сариев: "Бардык бийлик органдары кабыл алынган чечимдерди токтоосуз аткаруусу керек"
Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жыйыны болуп өттү. Жыйында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2016 жана 2017-2018-жылдарга прогнозу, “Коомдук саламаттык тууралуу” мыйзамдын аткарылышы, Жол коопсуздугун абалы, “Аба кодексин” кабыл алуу жана өкмөттүн регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоору каралды.
Жыйынды ачып жатып, Премьер-министр Темир Сариев каралып жаткан маселелер коомчулук үчүн абдан маанилүү экенин билдирип, айрым маселелер боюнча тезинен чечим кабыл алуу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле Премьер-министр бардык бийлик органдар жетекчилеринен кабыл алынган чечимдерди аткаруу аткаруу талабын койду.
Премьер-министр өлкөдө жол кырсыктарынын саны азайып жатканын, бирок айрым аймактарда жол кырсыгынан саны кескин түрдө өсүп кеткенине көңүл бурду.
"Эң кайгылуусу жол кырсыгынан каза болуп жаткандардын орточо жашы 26-40 жашка чейинкилер. Күч кубатка толуп, мамлекетке, элине, жерине кызмат кылам деп жаткан адамдардын капилет кырсыктан каза болуп жатат. Эл аралык статистика боюнча ар бир жүз миң адамга Кыргызстанда 20 адам жол кырсыгынан каза болот. Казакстанда бул сан 18, өнүккөн Батыш мамлекеттеринде алты адамды түзөт экен. Ошондуктан, бул жаатта иштешибиз зарыл болуп турат"-деди Премьер-министр.
Жыйын жүрүшүндө Темир Сариев жол кырсыктары кескин көп катталып жаткан Ысык-Көл, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын Жол кайгуул кызматтарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону тапшырды.
Ошондой эле "Коомдук саламаттык" тууралуу мыйзамдын аткарылышы боюнча айтып жатып Премьер-министр Темир Сариев өлкөдө кургак учук, ичеги ккарын ооруларынын көбөйүп жатканын белгиледи. Ошондутан, Саламаттыкты сактоо министрлигин бул багытта иштиктүү сунуштарды киргизип, абалды оңдоо тапшырмасын берди. Аталган мыйзамды толук кандуу аткарбаганы үчүн Саламаттыкты министринин орун басары Олег Горинге сөгүш жарыялады.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү