08
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев Биринчи радионун толкунунда түз ободо жарандардын суроолоруна жооп берди
Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Биринчи радионун толкунунда түз ободо жарандардын суроолоруна жооп берди.
Түз ободогу берүүнүн жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүү жана анын маселелерин чечүү боюнча маалымат берип, жарандардын суроолоруна жооп берди.
Премьер-министр Темир Сариев Туризм тармагы дүйнөдөгү эң кирешелүү тармактардын бири экенин белгилеп, бул тармакта Кыргызстандын потенциалы абдан чоң экенин билдирди. Бүткүл Дүйнөлүк Туризм уюмунун маалыматы боюнча, 2015-жылдын 8 айында дүйнө жүзүндөгү туристтердин саны 810 миллион адамды түзүп, же былтыркы жылга салыштырмалуу 33 миллион адамга көбөйгөнү белгилүү болгон.
“Бул тенденция дүйнөдө туризмдин жайылып, адамдардын жер көрүү кызыгуусунун күчөп бара жатандыгынан кабар берет. Муну менен катар туризм экспорттук категория катары мунай, химикаттар жана тамак-аш экспортунан кийинки төртүнчү орунда турат. Туризмдин экономикалык маанисинен башка дагы улут аралык, мамлекеттер аралык достукту чыңдоо жана маданий, тарыхый жана жаратылыш байлыктарын сактоо жана өнүктүрүүдө мааниси чоң”, – деди Темир Сариев.
Премьер-министр Кыргызстанда мунай, газ сыяктуу учурда баалуу ресурстардын запасы чектелүү болгону менен туризм тармагында потенциал абдан чоң экенин белгилеп, бул багыт Өкмөттүн “Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр” деп аталган программасында негизги тармактардын бири катары аныкталганын билдирди.
Темир Сариев өлкөбүздүн бай тарыхы, табигый шарты жана климаты туризм тармагын кеңири өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөрүн ачыкка чыгарды.
2015-жылдын 1-октябрына карата Кыргыз Республикасында туризм тармагында экономикалык ишмердик жүргүзгөн 99,2 миң чарбалык субьект каттоодон өткөн. Бул былтыркыга караганда 7,1 пайызга көбүрөөк. 2015-жылы туристтерди тосуп алууну жана тейлөөнү 450 эс алуу мекемелери жана туризм уюмдары көрсөттү. Туризм тармагында 87 миңден ашык адам ишмердик жүргүзөт.Алдын-ала маалыматтар боюнча туризм тармагындагы дүң көлөмү 13,3 млрд сом же ички дүң продукциянын 4,5 пайызын түздү”, -деди Темир Сариев.
Премьер-министрдин маалыматы боюнча, 2015-жылдын 9 айында жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн 5 млн 904 миң адам келсе, анын 1 млн 156 миңи туристтик максатта келген. Анын 69 пайызы – Казакстандын, 25 пайызы – Россиянын, калгандары КМШ жана башка өлкөлөрдүн жарандары.
Темир Сариев Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө абдан ири потенциал бар экенин жана ал толук түрдө колдонулбай жатканынан билдирди. Негизги туристтик жайлар катары Ысык-Көл, Соң-Көл жана Сары-Челек көлдөрүн атады.
“Ысык-Көл – Кыргызстандын эле эмес, Орто Азиянын бермети. Биз анын туристтик мүмкүндүгүн толугу менен колдонушубуз керек. Ошондой эле 7000 метрден жогору турган чокулар бар. Ошондой эле өлкө түштүгүндө Арстанбап жаңгак токойлору туристтик кызыгууну туудурат. Муну менен катар өлкө аймактарында кымыз менен дарылоо үчүн ички жана сырткы туристтерди тартууга абдан жакшы мүмкүнчүлүк бар”, - деди Темир Сариев.
Муну менен катар Премьер-министр Кыргызстанда туристтердин көңүлүн бурган тарыхый-архитектуралык эстеликтер бар экенин белгилеп, ага мисал катары Сулайман-Тоо, Улуу Жибек жолунун жээгинде жайгашкан Таш-Рабат, Өзгөндөгү Мунара, Токмоктогу Бурана, Шах-Фазил күмбөзү, Ысык-Көлдүн түбүндөгү Чигу шаары, Саймалуу-Ташты келтирди.
Ошондой эле Темир Сариев туризм тармагында бир катар көйгөй жана кемчиликтер бар экенин белгиледи.
“Бул жааттагы эң башкы көйгөйлөр катары туристтердин коопсуздугу, туристтик инфраструктанын жетиштүү деңгээлде өнүкпөгөндүгү, тейлөө, кызмат көрсөтүүнүн деңгээлинин төмөндүгү эсептелет”, - деди Темир Сариев.
Буга байланыштуу Өкмөт башчы туризм тармагында иштегендердин жалпысын меймандос жана маданияттуу болууга чакырды.
Өз кезегинде Темир Сариев туризм тармагын өнүктүрүү үчүн аракет көрүп, инфраструкталык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында аракет көрүлүп жатканын кабарлады.
[su_carousel source="media: 67949,67950" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү