02

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы оңдолуп жаткан жолдордун жүрүшү менен таанышты

Бүгүн, 2-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарынын унаа жолдорундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анын жүрүшүндө Өкмөт башчысы коомдук транспортко отуруп, курулган жолдордун сапатын текшерип, шаар тургундары менен баарлашты. Премьер-министр жолдордогу курулуш иштери менен таанышууну борбор калаадагы Мухтар Ауэзов көчөсүнөн баштады.  Аталган көчөдө оңдоо иштери бүткөрүлүүдө. Премьер-министр аталган көчөдөн Жибек Жолу көчөсүнө чейинки аралыкты оңдолбой жатканын сынга алып, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 15-октябрга чейин бүткөрүү тапшырмасын берди. Ошондой эле көчөнүн четиндеги мыйзамсыз соода күркөлөрүн алдыруу боюнча Бишкек шаардык мэриясынын ишин кубаттап, мындай жол калааны иретке келтирүү зарылдыгын билдирди. “Шаардын жолдорун, ирригациялык системаларын оңдоо менен катар анын эстетикасына көңүл буруу керек. Бул жаатта көчө боюна мыйзамсыз соода күркөлөрүн коюу туура эмес. Буга каршы мыйзамда көрсөтүлгөн жол менен чара көрүп, шаарды иретке келтирүү зарыл. Мындай чара айрым адамдарга катуу тийиши мүмкүн. Бирок биз  аз сандагы топтун жеке кызыкчылыгын көздөйбүз деп, жалпы шаардыктарга ыңгайсыздык жаратпашыбыз керек”-деди Темир Сариев. Ошондой эле бул жолдорду бүткөрүлгөн соң шаарды айланма жол  ачылып, борбордун ичиндеги автотыгындарга азайтууга өбөлгө болорун Премьер-министр белгиледи. Мындан соң шаардагы Жукеев-Пудовкин  жана Саманчин көчөлөрүндөгү оңдоо иштери менен таанышты. Анын жүрүшүндө Бишкек шаардык мэриясы быйылтын тарта калаадагы кичи райондордун ичиндеги жолдорду оңдоо боюнча пилоттук долбоор башталганын маалымдады. Анын алкагында 9 жана 10-кичи райондогу 1,9 чакырым жол оңдолду. Премьер-министр шаар мэриясынын мындай демилгесин колдоого алып, аны жайылтуу керек экенин ачыкка чыгарды. Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, Патрис Лумумба көчөсү 15-ноябрга чейин, ал эми Садыгалиев көчөсү 25-октябрга чейин бүткөрүлмөкчү. Темир Сариев бул көчөлөрдү шаардагы автоунаа тыгындарын азайтуудагы мааниси чоң экенин белгилеп, жолдордун сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү тапшырмасын берди. Премьер-министр Темир Сариев  Бишкек шаардык мэриясы калаа жолдорун оңдоо жана иретке келтирүү боюнча аракет көрүп жатканын белгилеп, аны улантууну тапшырды. Өкмөт башчы шаардын инфракструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорлор уланарын маалымдап, кийинки жылы бул үчүн 3,5 миллиард сомго жакын каражат каралып жатканын кошумчалады. “Кийинки жылы шаардагы инфраструктуралык долбоорлорго 3,5 миллард сомго жакын караат каралат. Бул каражатка 49 көчөдөгү жолдор оңдолуп, ирригациялык системалар алмаштырылмакчы. Муну менен катар шаардагы транспорттук маселелерди чечүү үчүн эл ташуучу автобустар сатылып алынмакчы. Бул үчүн жакынкы аралыкта тендер өткөн жатат. Жалпысынан 2 жыл аралыгында Бишкекте көп өзгөрүүлөр болуп, шаар жаңы көрүнүшкө ээ болушу керек. Бул жаатта мэрияга конкреттүү тапшырмалар берилген”-деди Темир Сариев. [su_carousel source="media: 64441,64442,64443,64444,64445,64446,64447,64448,64449,64450,64451,64452,64453,64454,64455,64456,64457,64458,64459,64460,64461,64462,64463,64464,64465" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү