28
Январь
Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы базарларды иретке келтирүүнү тапшырды
Бул тууралуу бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарынын мэриясынын 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында билдирди.
Премьер-министрдин айтымында, борбор калаадагы базарлардын айланасындагы шарттар талапка жооп бербейт.
“Биз шаардын тургундарын сапаттуу, жогорку тейлөө көрсөтүү менен камсыздообуз керек. Бул жагынан мэрия базарларды иретке салуу боюнча ишти күчөтүшү зарыл”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр Бишкек шаары маданий, билим берүү жана финансылык борборго айландыруу үчүн иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү