25

Июль

2015

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы жолдорду оңдоо иштери менен таанышты

Бүгүн, 25-июлда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Бишкек шаарынын унаа жолдорундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Анын жүрүшүндө өкмөт башчысы жолдордун сапатын текшерип, шаар жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.

Премьер-министр жолдордогу курулуш иштери менен таанышууну борбор калаадагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн баштады. Анын жүрүшүндө, Темир Сариев көчө боюнчадагы мыйзамсыз курулган ресторан  имаратынын алуу боюнча эки ай мурун тапшырма берилсе дагы, анын аткарылбай жатканы үчүн Бишкек шаардык мэриясын жана өкмөт алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын сынга алды. Премьер-министр эки жумалык мөөнөт ичинде аталган тапшырманы аткаруу буйругун берди.

Муну менен катар Темир Сариев оңдолуп жаткан көчө боюндагы бак-дарактардын сугарылбай, куурап жатканына көңүл буруп, бул жаатта иш алпарбаганы үчүн Бишкек шаардык мэриясынын ишин сынга алды:

"Быйыл дарыяларда суу мол болуп, каналдардан ашып кетүү коркунучу жаралып жатат. Силер болсо суу жок деп, шаардын борборундагы бак-дарактарды кууратып жатасыңар. Мындай иштөөгө болбойт. Тезинен абалды оңдоо керек”-деди Темир Сариев.

Андан соң Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарындагы Мухтар Ауэзов, Алматы жана Султан Ибраимов көчөлөрүндөгү жаңыдан салынып жаткан жолдор менен таанышты.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, Жукеев-Пудовкин жана Мухтар Ауэзов көчөсү 1-сентябрга чейин ал эми Алматы жана Султан Ибраимов көчөлөрүн 1-августка чейин бүткөрүлмөкчү.

Темир Сариев  өкмөт быйыл ички жолдорду куруу жана оңдоодон өткөрүүгө өзгөчө көңүл буруп, кошумча 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөнүн билдирди. Ошондуктан, аталган жолдордун сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле борбор калаа көчөлөрүндөгү жолбелгилери коюу иши кечеңдеп жатканын эскертип, шаар мэриясына бул жаатта ишти тездетүү тапшырды.

Жолдордогу оңдоо иштери менен таанышууну жыйынтыктап жатып, Премьер-министр мындай текшерүү үзгүлтүксүз түрдө уланарын жана жетекчилерге талап дагы күчөтүлөрүн эскертти.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү