21
Сентябрь
2015
Премьер-министр Темир Сариев: “Биздин негизги кызыкчылыгыбыз стабилдүүлүктү сактоо”
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ишкерлердин кесиптик күнүнө арналган салтанатта билдирди.
Премьер-министр 4-октябрдагы парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн абдан чоң мааниге ээ экенин белгилеп, өкмөт учурда аны ачык-айкын, таза жана мыйзам чегинде өткөрүү үчүн бардык аракетти көрүп жатканын билдирди.
Муну менен катар өз сөзүндө Темир Сариев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири долбоорлорго токтолду. Премьер-министрдин маалыматы боюнча, өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыз кылган “Кемин” подстанциясы жана “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясы ишке берилди. Муну менен катар тоо-кен тармагында Талды-Булак-Сол Жээк, Бозымчак кендеринде ишканалар иштей баштады. Жогорку Нарын ГЭСТер каскады, Камбара-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча иштер башталып, Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо толугу менен жүрүп жатат.
Ошол эле учурда Кара-Кече көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча долбоор даярдалып, жакынкы аралыкта тендер өткөрүү пландалууда. Анын алкагында Балыкчы-Кара-Кече темир жолу курулуп, Кара-Кечеде жылуулук электр станциясы салынып, кенди комплекстүү иштетүүгө мүмкүнчүлүк ачат.
“Бул өз кезегинде кошумча оң миң жумушчу орунду түзөт”-деди Темир Сариев.
Мындан тышкары “Сары-Жаз” мамлекеттик корпорациясы түзүлөрү, эгер Кытай тарапты көздөй аккан Сары-Жаз суусуна ГЭС курула турган болсо, анда Кыргызстандын Кытайга 1 кВт электр энергиясын 1 центтен сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болорун Премьер-министр белгиледи.
Муну менен катар Темир Сариев өлкө ири транспорттук долбоорлор ишке ашып жатканын маалымдап, алардын арасында Түндүк-түштүк альтернативалуу жолу, Бишкек–Нарын-Торугарт жолу салынып, Кыргызстан-Кытай темир жолун куруу боюнча долбоорлоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Муну менен катар жакынкы эки жыл аралыгында Бишкек шаарындагы ички жолдор маселеси толугу менен чечилерин кошумчалады.
“2017-жылга чейин Кыргызстандын экономикасы жана инфракструктурасы маанилүү деңгээлде оң жагына өзгөрөт”-деди Темир Сариев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү