31

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев: «Эгерде кыргыз балы Кытай Эл Республикасына экспорттолсо, жергиликтүү балчылардын кирешеси көбөйүп, бул тармакта өндүрүмдүүлүк артат»

Бул тууралуу, бүгүн, 31-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Жакында Кыргыз Республикасынын айыл-чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев баштаган топ, Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарына барып, кыргыз балын саткан ири соода борбордун ачылышына катышып келди. Мындан сырткары Үрүмчүдө «Кыргыз балы» деген музей ачылып, анда Кыргызстан тууралуу маалыматтар жана бал өндүрүүнүн жолдору боюнча кеңири маалыматтар коюлган. Келечекте Кытайда 800 жерде кыргыз балын саткан атайын соода түйүндөрү ачылат. Азыркы тапта Үрүмчү шаары 900 тонна, ал эми КЭР 400 миң тонна бал керектелет. Кытай тарап эгерде сапаттуу бал болсо биз канча болсо алууга даярбыз, деген оюн билдиришкен. Мындан сырткары Кытай тарап Кыргызстандан эт, сүт жана жашылча-жемиштерди алууга да кызыкдар экенин билдиришкен.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү