05

Апрель

2016

Премьер-министр Темир Сариев: “Экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу негизги милдет”

Бүгүн, 4-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйыны өттү. Жыйындын күн тартибинде Кыргыз Республикасынын 2015-жылга ишинин жыйынтыктары тууралуу отчету талкууланды. Жыйынды ачып жатып, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев экономиканын акыркы көрсөткүчтөрү боюнча маалыматты айтып өттү. Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча 2016-жылдын 1-кварталында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин көлөмү 32 165,8 млн. сомду же пландалган тапшырманын 103,6% түздү. Пландалган суммадан ашкан каражат 1 114,6 млн. сомду түздү. Ал эми учурунда салыктык кирешелердин көлөмү 20 293,0 млн. сом же 95,7% түздү. Планда көрсөтүлгөн суммадан 914,5 млн. сомду түздү. Ошол эле учурда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 021,3 млн. сом же 11,1%. көп. Мамлекеттик Бажы кызматы планды 104,6% аткарып, 5 762,4 млн. сом чогултту. Мындай жол менен планда көрсөтүлгөн суммадан 252,7 млн. сом ашыкча чогултулду. 2016-жылдын 1-кварталында республикалык бюджеттин 1-кварталындагы киреше көлөмү 28 533,1 млн. сом же 104,6% түздү. Пландалган суммадан ашкан каражат 1 251,7 млн. сом түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41,8% көп чогулду. Премьер-министр Темир Сариев кирешелерди толтурууда коюлган планды толтурбаган жетекчилердин жоопкерчилиги караларын билдирди. Ошондой эле Премьер-министр Темир Сариев макроэкономикалык туруктуулукту сактап, экономикалык өнүгүүнү  камсыздоо өкмөттүн негизги милдети экенин эске салып, аны аткарууга бардык мамлекеттик органдар өз аракетин толук кандуу жумшашы керектигин белгиледи. «Былтыркы жылы дүйнөдөгү жана Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кризиске карабастан экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактап калдык. Анын жыйынтыгында былтыркы жылы 98 социалдык обьект, анын ичинде 73 мектеп курдук. Ошондой эле ар бир райондо 10 дон кем эмес ишкана ачуу тапшырмасы берилип, өлкө боюнча 647 жаңы ишкана ачылды жана 10594 жумушчу орун түзүлдү”-деди Темир Сариев. Премьер-министр Өкмөттүн бул жааттагы иш-аракеттери толугу менен уланып, дагы күчөтүлөрүн жана ар бир жетекчинин жоопкерчилиги караларын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү