01
Апрель
2016
Премьер-министр Темир Сариев: «Инвестициялык климат жакшыртуу боюнча иштердеги кемчиликти жоёбуз»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин инвестициялык саясат боюнча талкуулаган жыйынында билдирди. Премьер-министр Кыргыз өкмөтү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү боюнча иш аракетти күчөтүү менен конкреттүү жыйынтыктарга жетишүүнү максат кылганын белгиледи.
«Албетте, экономика тармагында, инвестиция тартууда белгилүү маселелер, кыйынчылыктар бар. Айрым мамлекеттик органдардын ишинде кемчиликтер да бар. Бирок бул кемчиликтерди жоюу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүлүп жатат жана Өкмөт бул боюнча аракетти улантат»-деди Темир Сариев.
Премьер-министр быйылкы жылы мамлекеттин эсебинен 45 миллиард сом инвестиция салынарын жана тике инвестициянын көлөмүн көбөйтүү боюнча бир катар чаралар көрүлөрүн кошумчалады.
Жогорку Кеңеш жыйын соңунда Өкмөттүн инвестициялык жааттагы саясатынын жана ишкерликке шарт түзүү, экспортту колдоо жаатындагы аткарып жатканын иштеринин негизинде токтом кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү