31

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев: «Ишкердикти өнүктүрүүгө өкмөт бардык шарттарды түзөт»

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 31-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн экономикасынын структурасында ишкерлик, орто жана чакан бизнес - экономикалык өнүүгүнүн жана ишкердик активдүүлүктүн абдан маанилүү факторлору экенинин маалымдады. Маалыматка ылайык, 2015-жылы өлкөдө 10,5 миң чакан жана орто ишкана иштеп жаткан. Жеке ишкерлик менен алектенгендердин саны 366,7 миң адамды түздү. «Орто жана чакан бизнес-өлкө экономикасынын абдан динамикалуу катмарын түзөт. ИДПдагы анын үлүшү экономиканын туруктуулугун жана ийкемдүүлүгүн көрсөтөт. Кризис шартында орто жана чакан бизнес тез ыңгайлаша алат. Былтыр ички дүң продукциясынынын структурасындагы орто жана чакан ишкердиктин үлүшү 40,5% же 171, 6 миллиард сомду түздү. Бул мурдагы жылга караганда 10,4 миллиард сомго көп»-деди Темир Сариев. Премьер-министр Темир Сариев инвестиция тартуу, ишкердик өнүктүрүү жана экспортту колдоо мамлекеттик саясаттын негизги милдеттеринен болууга тийиш экенин белгиледи. Ал үчүн ыңгайлуу нормативдик-укуктук базаны түзүү жана мыйзам туруктуулугун сактоо, жеке менчикти жана инвестицияны коргоо, бизнес үчүн финансылык каражаттарга жана кредиттерди жеткиликтүү кылуу, тең салмактуу валюталык жана фискалдык саясат жүргүзүү, атаандаштыкты өнүктүрүү, мамлекеттик тескөө процедураларын кыскартуу жана негизсиз текшерүүлөрдү жок кылуу жаатында бир катар иштер аткарылып жатканын өкмөт башчысы маалымдады. Алардын катарында: -2015-2020-жылдарга Фискалдык саясаттын Концепциясы кабыл алынды; -1-январдан баштап экспорт үчүн сатуудан түшкөн салык алынды, ал эми 1-июлдан баштап накталай төлөмсүз формадагы операцияларга сатуудан түшкөн салык алынып салынат; -Кошумча нарк салык боюнча каттоонун босогосу эки эсеге көбөйтүлдү. ( 4 млн.дон 8 млн. чейин сомго); -Лизинг компаниялары кошумча нарк салыгы, сатуудан түшкөн салык жана кирешеден түшкөн салыктан бошотулду; -Банк жабдыктарын сатып алууда кошумча нарк салыгынан бошотулду; -2018-жылдын 1-сентябрына чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү, тамак-аш ишканаларына кирешеден түшкөн салык жана НДС боюнча жеңилдиктер сакталып калат. (НДС жана кирешеден түшкөн салыктан бошотулат); -2018-жылдын 1-сентябрына чейин импорттолгон буудайдан ун өндүргөндөр жана ун өндүрүү үчүн импорттолгон буудай кошумча нарк салыгынан бошотулат; -Курулуш тармагы үчүн салыктар жөнөкөйлөштүрүлдү, м2 үчүн 900 сом деп салыктын өлчөмү аныкталды; -Мамлекеттик Салык кызматынын расмий сайты аркылуу электрондук отчет тапшыруунун жөнөкөйлөштүрүлгөн системасы киргизилди (акысыз негизде); -ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдөн импорттолгон товарларга кошумча нарк салыгын төлөө мөөнөтү 50 күнгө чейин жылдырылды. Премьер-министр Темир Сариев бул жааттагы реформалар улантыларын кошумчалады.    

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү