21
Август
2015
Премьер-министр Темир Сариев күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын формалык кийимдерине мамлекеттик заказды жөнгө салуу боюнча жыйын өткөрдү
Бүгүн, 20-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалы алдында өлкөнүн күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдарынын формалык кийимдерине мамлекеттик заказды жөнгө салуу боюнча жыйын өттү. Жыйынга Коргоо, өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер министрликтеринин жана өкмөттүн алдындагы Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү катышты.
Темир Сариев аталган органдардын алдында кийим тигүү комбинаттары иштеп жатканын,аларды бирдиктүү системага салуу менен өндүрүмдүүлүгүн артырууга болорун билдирди. Ошондой эле бул комбинаттардан мамлекеттин заказы менен атайын кийим-ечектерди тигүүнү келечекте аскер кызматкерлеринин формасы менен катар башка күч органдарынын жана айылдагы турмуш тиричилик үчүн ыңгайлуу кийим-кечекти тигүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.
Жыйында Темир Сариев аталган органдарга он күн ичинде бул жатта бирдиктүү программа иштеп чыгууну тапшырды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү