06
Ноябрь
2015
Премьер-министр Темир Сариев Кара-Суу районундагы көмүр кениндеги кырсыктын себептерин териштирүүнү тапшырды
Бүгүн, 6-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Өкмөт алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекцияга Кара-Суу районундагы Кожокелен айылындагы көмүр кенинде үч адамдын өмүрүн алган кырсыктын себептерин териштирүү тапшырмасын берди. Премьер-министр аталган кендеги техникалык коопсуздук эрежелери сакталышы боюнча иликтөө жүргүзүү менен кенди иштеткен ишкана жетекчилигинин жоопкерчилигин кароону тапшырды. Ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына ички териштирүүнүн негизинде техникалык коопсуздук эрежелерине тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөн кызматкерлерге карата чара көрүү тапшырмасы берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 5-ноябрда Кожокелен айылындагы “Кайнар” көмүр кениндеги үч адамды топурак басып калган. Кырсык кесепетинен үч адам каза болуп, алардын экөө мектеп окуучу болгону аныкталды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү