24
Декабрь
Премьер-министр Темир Сариев: “Кийинки жылдын бюджетинде өнүгүүгө басым жасалды”
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамдын долбоору талкуулоо учурунда билдирди.
Премьер-министрдин айтымында, 2016-жылга бюджетиндеги реалдуу сектордун үлүшү 34,9 пайызды түздү, былтыр бул сан 30,2 пайызды түзгөн.
“2016-жылга республикалык бюджетте реалдуу сектор, өнөр жайга басым жасалды. Мындай жол менен кийинки жылы бюджет даярдоодо өнүгүү багытына өттүк”, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр кийинки жылы Жерүй кенин иштетүү боюнча фабриканы куруу иштери башталарын жана Талды-Булак-Сол-Жээк кени толук кандуу иштеп баштарын маалымдады.
Темир Сариев Россия менен мунай заттарына пошлиналык төлөмдү алуу боюнча макулдашуу болгонун жана мунун негизинде Кара-Балта жана Токмоктогу мунайды кайра иштетүүчү заводдор иштей баштаарын билдирди.
“Кийинки жылдын бюджеттин амбициялуу, аны аткаруу үчүн тартип жана жоопкерчилик керек. Аны аткаруу үчүн Өкмөт бардык аракетти кылып, мыйзам жана тартипти бекем сактап, ар бири жоопкерчилик тарткандай болот”, - деди Темир Сариев.
2016-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 124,4 млрд. сомду, чыгашалары – 146,4 млрд. сомду түздү. Мындай жол менен 2016-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 22, 4 млрд сомду же ИДПнын 4,5%ын түзүүдө.
Экономикалык саясаттын жогоруда аталган иш-чараларды ишке ашыруу ИДПнын номиналдуу көлөмүн 2016-жылы 502 млрд сомго чейин, өсүштүн реалдуу темпин - 5,2 %га жогорулатууга алып келет.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү