06
Ноябрь
2015
Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун ишинин башталышына арналган иш-чарага катышты
5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун ишинин башталышына арналган иш-чарага катышты. Темир Сариев аталган фонддун активдүү түрдө ишин башташын маанилүү экенин белгилеп, анын алдында өтө маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу максаты турганын билдирди.
“Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду терең ойлонулган саясат жүргүзүшү зарыл. Блу жаатта жигердүү иш алпарып, өлкө үчүн маанилүү болгон долбоорлорду кечиктирбестен каржылоого өтүшү керек. Бул жаатта биздин бизнес коомчулук да активдүү катышып, өз долбоорлорун сунушташы керек. Жаңы шайланган Өкмөт фонд менен тыгыз кызматташат”-деди Темир Сариев.
Ошондой эле Өкмөт жакынкы аралыкта ипотекалык насыяларды берүүнү, экономиканын структурасын өзгөртүп, экспортко басым жасоо боюнча ишти алып барарын Темир Сариев кошумчалады. Премьер-министр бул иштерде Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун ролу жогору болорун белгиледи.
Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулу Ахмедова фонд түздөн-түз каржылай турган алгачкы долбоорду аныктаганын кабарлап, мындан соң бул багытта активдүү иш уланарын убада кылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү