28
Март
2016
Премьер-министр Темир Сариев жаңы дайындалган Кыргызстандын Россиядагы Элчиси Болот Отунбаевди кабыл алды
Бүгүн, 2016-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жаңы дайындалган Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Болот Отунбаевди кабыл алды. Премьер-министр Болот Отунбаевге Кыргызстандын Россиядагы Элчиси кызматына дайындалуу менен абдан жоопкерчиликтүү милдети жүктөлгөнүн белгиледи.
Темир Сариев Кыргызстандын Россия менен стратегиялык кызматташтыгы Евразия экономикалык биримдигинин алкагында күчөгөнүн билдирип, бул багытта кызматташтыкты тереңдетүүгө маани берүү зарылдыгын билдирди.
Ошондой эле Темир Сариев Болот Отунбаевге Россиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, эки өлкөнүн аймактар ортосундагы экономикалык мамилелерди күчөтүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого басым жасоону белгиледи.
Өз кезегинде Болот Отунбаев жүктөлгөн милдетти аткарууга бардык күч-аракетин жумшарын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү