15

Март

2016

Премьер-министр Темир Сариев: «Кыргызстанда билимди экспорттоо тармагынын келечеги чоң»

Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев КТРК “Биринчи радиосунун” түз обосунда болгон маегинде билдирди.

Премьер-министр белгилегендей, жакын арада республиканын ЖОЖ ректорлору менен биргеликте Билим берүү сапатын жогорулатуу жана билимди экспорттоо концепциясы талкууланды, ал жакында кабыл алынмакчы.

“Учурда республиканын ЖОЖдорунда 10 миңге жакын чет элдик студент билим алууда, бул көрүнүш биздин мамлекеттин билим берүү тармагындагы экспорттук потенциалы бар экендигинен кабар берет. Эгерде чет элдик студенттердин саны 30 миңге жетсе, алардын ар-бири 5 миң доллардан калтырса эле казнага 150 млн доллар түшөт. Ошол эле учурда тыштын келип окуган студенттер квартира, тамак-аш жана тейлөө көрсөтүүлөрөгө да өз чөнтөгүнөн каражат төлөшөт, бул да өз кезегинде ички мүмкүнчүлүктөрдүн жакшырышына салымын кошот”,- деп билдирди Темир Сариев.

Өкмөт башчынын айтымында учурда “билим сапатын кантип жакшыртабыз, эл-аралык сапатка кантип жетишебиз?” деген суроолор коюлууда.

“Бул жаатта өзүбүздүн жарандардын психологиясын өзгөртүү зарыл. Мисалга, ошол эле Нарын жергесиндеги Ага-Хан долбоору ишке ашырып жаткан Борбор Азия университетинде келечекте  1200 студент кабыл алынып, 400 жакын мугалим иштемекчи, акырындык менен бул аймакты илим жана IT борборуна айлантууга мүмкүндүктөр бар. Мындай окуу-жайлардыгн катарына Америка университети, Кыргыз-Славян университети, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Ж.Баласагын атындагы КУУ кирип, келечекте Орто-Азияда чоң билим борборуна айлануусу зарыл. Учурда аталган окуу-жайларда Тажикстан, Түркмөнстан жана Пакистандан келип окуп жатышат, астыбызга чоң максаттарды коюп, аларга жетишүүбүз керек. Аталган ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү эң жогорку стандартка жеткен адис болууга жетишсе, билимди экспорттоо аймагын андан ары кеңейтүүгө жакшы мүмкүндүктөр бар”, - деп жыйынтыктады Темир Сариев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү