13
Ноябрь
2015
Премьер-министр Темир Сариев: “Өлкөдө футболдук дух пайда болду”
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев бүгүн,12-ноябрда, өлкөдө клубдук футболду өнүктүрүүгө арналган жолугушууда билдирди. Жолугушууга Кыргызстандагы ири компаниялардын өкүлдөрү, Футбол федерациясынын мүчөлөрү жана футбол ишмерлери катышты. Темир Сариев Кыргызстанда туруктуу мамлекет куруу аракети активдүү жүрүп жатканын билдирип, бул максатты ишке ашыруу үчүн алгач жолу парламенттик шайлоону ачык-айкын, мыйзамдын чегинде өткөрүлгөнүн белгиледи.
Ошол эле учурда дүйнөдөгү кырдаал жана аймактагы коопсуздук маселелери курч туруп, радикалдуу ар түрдүү агымдар көбөйүп жатканын жана жаштардын бул агымдарга кирип жатканын билдирди.
“Жаштардын мындай туура эмес жолго түшүп кетишинен эки нерсе гана сактайт. Биринчиси, сапаттуу билим, экинчиси спорт жана дене тарбияны жайылтуу. Ал эми спорттун эл арасында эң жайылган түрү-бул футбол. Биз футболду өнүктүрүү менен жаштарды сергек жашоо образына тартышыбыз зарыл. Ал эми футболду өнүктүрүү үчүн клубдар арасында атаандаштык зарыл”-деди Темир Сариев.
Премьер-министр учурда Кыргызстандын футбол боюнча жогорку лигасында 6 гана команда катышып, атаандаштык болбой жатканын айтып, өлкөдөгү ири компанияларды футболдук клубдарды түзүүгө жана каржылоого чакырды.
“Акыркы учурда футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы татыктуу оюн көрсөтүүдө. Өлкөдө футболдук дух пайда болду. Эгер биз футболдук клубдардын санын көбөйтүп, атаандаштыкты күчөтсөк дагы жакшы жыйынтыкка жетишүүгө болот. Биз жогорку лигада ойногон командалардын саын 10-12ге жеткирүү менен атаандаштыкты күчөтүүгө болот”-деди Темир Сариев.
Премьер-министр футболго демөөрчүлүк кылган компанияларга өкмөт ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирип, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүгө даярдыгын билдирди.
Ошондой эле Темир Сариев ири компаниялардын өкүлдөрүнө аймактардагы спорттук жайларды өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды. Муну менен катар Премьер-министр Бишкектеги борбордук Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион заманбап шарттарга жооп бербей калганын билдирип, анын ордуна жаңы стадион салуу боюнча долбоорго катышууну сунуштады.
“Жакынкы эки жылдын аралыгында биз заманбап шарттарга жооп берген жаңы стадион салуу керек. ФИФАнын талабы боюнча стадиондо эң аз дегенде алты кириш керек болсо, учурдагы стадиондо эки гана кириш бар. Мунун баарын эске алуу менен учурда жаңы стадиондун долбоору каралууда. Буга ишкерлер активдүү катышса болот”-деди Темир Сариев.
Жолугушуу жүрүшүндө, өлкөдө футболду өнүктүрүү боюнча талкуу болду.
Жолугушуу жыйынтыгында Темир Сариев Спорт жана дене тарбия агенттигине өлкө аймактарындагы футболду өнүктүрүү үчүн “Булгары топ” мелдешин жандантууну, футболду өнүктүрүүнүн планын иштеп чыгуу жана жаңы стадионду куруу боюнча долбоорду тездетүүнү тапшырды.
[su_carousel source="media: 66547,66548,66549,66550,66551,66552,66553,66554,66555,66556" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 61897,61898,61899,61900,61901,61902,61903,61904,61905,61906,61907,61908,61909,61910,61911,61912,61913" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59826,59825,59824,59823" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59818,59819,59820,59821,59822,59823,59824,59825,59826,59827,59828" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 59274,59275,59276,59277,59278,59279,59280,59281,59282,59283,59284,59285" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 58683,58684,58685,58686,58687,58688,58689,58690,58691,58692,58693,58694,58695,58696,58697,58698,58699,58700" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 57395,57396,57397,57398,57399,57400,57401,57402,57403,57404,57405,57406,57407,57408,57409" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү