27

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев: “Мамлекет үчүн коопсуздук башкы орунда турат”

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев  Биринчи радионун толкунунда түз ободо жарандардын суроолоруна жооп берди. Түз ободогу берүүнүн жүрүшүндө Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  коопсуздук жана коомдук тартипти сактоодогу аткарып жатканы иштери тууралуу айтып берип, жарандардын суроолоруна жооп берди. Темир Сариев  Өкмөт укук коргоо тармагынын ишин жакшыртуу жана жарандардын ишенимин кайтаруу боюнча аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Анын алкагында, Жол-кайгуул кызматын реформалоо, укук-коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин көтөрүү, жарандар менен тыгыз иш алпаруу, экстремизм жана терроризмге каршы күрөштү күчөтүү боюнча иштер аткарылып жатканын Премьер-министр санап өттү. “Учурдагы өкмөт укук коргоо органдарынын ишиндеги кемчиликтерин жоюу боюнча бардык аракетти көрөт. Анда биз жарандык коом менен тыгыз иш алпарууга даярбыз”-деди Темир Сариев. Ошондой эле Өкмөт башчысы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине камкордукту күчөтүп, алардын өз милдетин ак ниеттик менен өтүшү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарыл экенин белгиледи. Бул жаатта Кыргыз Республикасынын Өкмөтү күч кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруп жатканын Темир Сариев билдирди. Буга кошумча быйылкы жылы бюджеттин эсебинен ИИМ үчүн 86 кызматтык автоунаа сатылып берилди. Премьер-министр Темир Сариев Жол-кайгуул кызматын реформалоого токтолуп, учурда бул жаатта реформалар пакети иштелип чыкканын кабарлады. Анын алкагында, ИИМдин алдындагы Жол-кайгуул кызматы жана кайгуул-күзөт кызматы бириктилип, күзөт милициясы түзүү каралып жатканын билдирди. “Мындай чара жол коопсуздугун бекемдөө, бул кызматты коррупциядан арылтуу жана ыкчам чара көрүүгө жол ачат. Ар бир кызматкерге портативдүү видеорегистраторлордун милдеттүү түрдө пайдаланылып, алардын иш-аракети борборлоштурулган система аркылуу көзөмөлдөнүп турмакчы”-деди Темир Сариев. Түз ободо угармандардын суроолоруна жооп берип жатып Темир Сариев №50 абактан качкан соттолуучуларды кармоо операциясы боюнча да пикирин билдирди. Премьер-министрдин маалыматы боюнча, учурда кылмышкерлердин абактан качуу жагдайларын атайын комиссия жана прокуратура иликтеп жатат.  Анын жыйынтыгы менен окуяга укуктук баа берилип, Жаза аткаруу тутумун реформалоо боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат. “Учурда иликтөө жүрүп жатат. Абактан сотолуучулар качкан учурда каза болгон Жаза аткаруу кызматынын төрт кызматкери боюнча аталган иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат”-деди Темир Сариев. Ошондой эле Премьер-министр учурда өз ишинде кемчилик кетирген тергөө абактарынын жетекчилеринин кызматтан алуу боюнча тапшырма берилип, анын негизинде Бишкектеги №1 жана Оштогу №5 тергөө абактарынын жетекчилери кызматтан алынганын кошумчалады.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү