14

Октябрь

2015

Премьер-министр Темир Сариев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмазбек Кадыркуловго катуу сөгүш жарыялады

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев протоколдук тапшырманы өз убагында аткарбаганы үчүн Өкмөт алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Алмазбек Кадыркуловго катуу сөгүш жарыялады. Бул тууралуу Премьер-министр 13-октябрда өткөн 2015-жылга республикалык бюджетти аткаруунун жүрүшү талкууланган жыйында билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү