13
Февраль
Премьер-министр Темир Сариев: «Мамлекеттик органдардын ишинин жыйынтыгы эл ишеними менен бааланат»
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев 12-февралдагы Өкмөттүн жыйындагы 2015-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгын кароо учурунда билдирди. Премьер-министр калктын ишенимин арттыруу боюнча иштерди жүргүзүү зарыл экенин белгиледи.
«Быйыл жүргүзүлгөн Калктын ишеним Индекси боюнча 2015-жылы ишеним индекси 22 баллды түздү. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 7,3 баллга жогорулады. Баалоого катышкан 37 мамлекеттик органдын ичинен, 29у 2014-жылга караганда өз көрсөткүчтөрүн жакшырткан. Албетте, мындай тенденция жакшы, бирок жетишсиз. Биз өзүбүздүн үстүбүздөн дагы иштешибиз керек. Бул жыйынтыкты артка тарткан органдар бар», - деди Темир Сариев.
Ошондой эле Премьер-министр жарандардын кайрылууларына дароо көңүл буруп, арыз-даттанууларын чечүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.
«Эгер бул маселеге көңүл бурбасак, жарандардын бийликке болгон ишеними болбойт. Кайдыгерлик, көңүлкоштук болбошу керек. Маселелерди жарандардын кайрылууларына дароо жооп берип, маселени чечип бериши тийиш», - деди Темир Сариев.
Маалыматка ылайык, 2015-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 6399 кайрылуу келип түшкөн. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2698 ( 42,2%) көп.
Жыйындын жүрүшүндө келип түшкөн жарандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын өз убагында жана объективдүү каралышына катуу көзөмөл жүргүзүү, аларды кароодо мыйзамдарда белгиленген нормаларды келтирүү менен гана чектелбестен, коюлган маселелерди чечүүнүн ар тараптуу жолдорун караштырып, маселенин аягына чейин чечилишин кошумча көзөмөлгө алуу, мыйзамдардын талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарына карата администрациялык чара көрүү ыкмаларын колдонуу, ал фактыларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү